АРХОНТ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АРХОНТ-- (гр. archon – башкаруучу, бийлөөчү) — байыркы грек полистериндеги жогорку бийлик кызматын ээлеген адам. Айрым уламыштар боюнча б. з. ч. 11-кылымында Афиныда падышалык бийлик жоюлуп, анын ордуна падышалык кодриддер уруусунан чыккан өкүлдөр өмүр бою Архонт болуп дайындалышкан. Б. з. ч. 8-кылымдан анын мөөнөтү 10 жыл, ал эми 7-кылымдан 1 жыл менен чектелген. 1-Архонт эпоним (аткаруу бийлигинин башчысы), 2-Архонт басилей, 3-Архонт полемарх (аскер башчысы) деп аталган. Б. з. ч. 7-кылымдын ортосунда дагы 6 Архонттук кызмат киргизилип (сот бийлигин жүргүзгөн фесмофеттер), мамлекетти 9 адамдан турган Архонттор коллегиясы башкарып калган. Б. з. ч. 5-кылымдан Архонттор коллегиясы маанисин жоготкон.