АРХЕОЛОГИЯ СҮЙҮҮЧҮЛӨРДҮН TYPKCTАН ИЙРИМИ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АРХЕОЛОГИЯ СҮЙҮҮЧҮЛӨРДҮН TYPKCTАН ИЙРИМИ– илимий коом; 1895-жылы 11-декабрда чыгыш таануучу, академик В. В. Бартольддун жана Ташкенттеги эркектер гимназиясынын директору Н. П. Остроумовдун демилгеси менен Орто Азияда ачылган. 1917-жылга чейин Орто Азиянын археологиясынын, материалдык маданиятынын тарыхын таанып-билүү, байыркы эстеликтерди сактоо боюнча иш жүргүзгөн. Ийрим жыйналыштарын Түркстан генерал-губернаторунун резиденциясында өткөргөн. Жер-жерлерден алынган байыркы эстеликтер тууралуу маалыматтар, тарых, археологияга байланыштуу илимий ачылыштар, табылгалар тууралуу ой-пикирлер талкууланган, чет элдик илимий коомдор менен байланыш түзүшкөн. Басма беттерине макала жарыялашкан. Ийримде улуу державалык шовинизм идеяларын тараткан барон Б. А. Вревский Сибирь, Жети-Суу, Фергана аймактарын славяндардын байыркы бабаларынын жери, сак-массагеттер славяндардын бир тамыры, чыгыш элдеринин тамыры арий-славяндарынан тараган деген пикирди айткан. В. М. Флоринский болсо, орус падышачылыгы славяндарды байыркы мекенине алып келүүдө (Түркстанга) деген идеяны тараткан. Ийримдин «Протоколы заседаний и сообщений членов Туркестанского кружка любителей археологии» аттуу журналы чыгып турган. 1919-жылы ийрим Россия географиялык коомунун Түркстан бөлүмүнө секция катарында кирген. Россия география коомуна 1896-жылы Таластагы байыркы түрк-рун жазуусу тууралуу Олуя-Ата уездинин начальниги В. А. Каллаур биринчилерден болуп кабар берген. 1903-жылы 15-январда ийрим Н. Г. Хлудовдун Саймалы-Таш жөнүндө алгачкы билдирүүсүн угуп, И. Т. Пославский ошол эле жылы Фергана тоо кыркасынын Көгарт ашуусундагы Саймалы-Таш сүрөт галереясын изилдеген. Бурана, Таш-Рабат сыяктуу белгилүү археологиялык эстеликтер ийримдин мүчөлөрүнүн көңүл буруусун арбыткан.
К. Табалдиев.