АРХЕОЛОГИЯЛЫК МУЗЕЙЛЕР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АРХЕОЛОГИЯЛЫК МУЗЕЙЛЕР– археологиялык табылгалар сакталуучу жана көргөзмө өткөрүлүүчү илимий мекеме. Археологиялык музейлер адамзат коомунун өнүгүшүн чагылдырган материалдык жана руханий маданият эстеликтерин чогултуп, сактайт жана изилдейт. Археологиялык музейлердин коллекциялык, мемориалдык, тарыхый-археологиялык ж.б. түрлөрү бар. Археологиялык музейлердин коллекциялык түрүнө ачык асман алдындагы музейлер (байыркы шаарлар менен калктуу конуштар ж.б.) таандык. Алгач бул түшүнүк искусство жана илим чөйрөсүндөгү объектилердин (экспонаттардын) коллекциясын билдирсе, 18-кылымдан экспонаттар жайгашкан имаратты камтыган. 19-кылымдан музейлерде изилдөө иштери башталган. 1946-жылы музейлердин ишин колдоо жана өнүктүрүү максатында ICOM (Эл аралык Музейлер кеңеши) эл аралык уюму Парижде түзүлгөн. Учурда бул уюмга кирген 165 мамлекеттин 30 миңдей мүчөсү үч жылда бир жолу жолугушат. ЮНЕСКО жана башка эл аралык уюмдар менен тыгыз иштешет. Биринчи Ахеологиялык музейлер (мусейон) билим берүү мекемеси катары Птолемей I тарабынан Александрияда (Египет) б. з. ч. 290-жылы негизделген. Музейге жашоо бөлмөлөрү, ашкана, окуу залы, ботаникалык жана зоологиялык бакчалар, обсерватория жана китепкана кирген. Кийинчерээк, ага медициналык жана астрономиялык куралдар, жаныбарлардын катырылган кептери (чучела), айкелдер жана бюсттар кошулуп, окутуу үчүн көрсөтмө курал катары колдонулган. Музей мамлекет тарабынан каржыланган. Б. з. ч. 1-кылымда музейдин китепканасында 750 миңден ашык кол жазмалар сакталган. Б. з. ч. 2-кылымда антикалык Грециянын ибадатканаларында Кудайларга арналган айкелдер, сүрөттөр ж. б. искусство чыгармалары болгон. Кийинчерээк, буга байыркы Римде, шаар бакчаларында, Рим мончолорунда жана театрларында жайгашкан сүрөттөр жана скульптуралар кошулган.
Б. з. ч. 2-миң жылдыктын башында Кытайдын жана Япониянын ибадатканаларында жергиликтүү колдонмо искусствосунун чыгармаларынын коллекциялары пайда боло баштаган. Өзгөчө баалуу коллекция – Сёсоин Нарадагы ибадатканада өркүндөтүлгөн. Орто кылымдарда көркөм чыгармалар (зергерчилик буюмдар, айкелдер жана кол жазмалар) жана согуштан түшкөн буюмдар монастырлар менен чиркөөлөргө экспонат катары коюла баштаган. Кайра жаралуу доорунда Флоренцияда скульптуралар менен сүрөттөрдү дворецтерге жайгаштыруу модага айланган. 1581-жылы Флоренциянын герцогу Франческо I Медичинин демилгеси менен атактуу Уффизи галереясы пайда болгон. 1719-жылы Петербургда биринчи коомдук музей – Кунсткамера (азыркы Улуу Пётр атындагы Антропология жана Этнография музейи) бояр Александр Кикиндин үйүндө уюшулган. 1750-жылы Парижде Люксембург дворециндеги сүрөттөр, 1753-жылы Лондондогу Британ музейи, 1793-жылы Франциядагы Лувр музейи, 1852-жылы Эрмитаж коомдук музейи ачылган. Археологиянын өнүгүшү менен музейлер адистештирилип, 19-кылымдын башында Археологиялык музейлер пайда болгон. Римдеги Улуттук жана Археологиялык музей, Неаполдогу Улуттук музей, Афины улуттук археологиялык музейи, Сен-Жермен-ан-Лэдеги Франциянын улуттук байыркы музейи, Оксфорддогу Эшмола музейи, Каирдеги Египет музейи ж. б. айтууга болот. Россияда 1800-жылдын башында Николаев, 1811-жылы Феодосия, 1825-жылы Одесса, 1826-жылы Керч, 1840-жылы Петербург шаарында жана Россия университеттеринде археологиялыу музейлер түзүлгөн. Археологиялык музейлердин түзүлүшүнө казуу иштерин жүргүзүп, баалуу археологиялык коллекцияларды чогулткан илимий коомдордун иш-аракеттери түрткү болгон. Кыргызстанда 1925-жылы алгачкы М. В. Фрунзе мемориалдык музей-үйү, 1926-жылы Кыргызстандын Борбордук музейи (азыркы Мамлекеттик тарых музейи) негизделген. Бул музей Борбор Азиядагы эң ири музейлердин бири. Музейде А. Н. Бернштамдын демилгеси менен тарыхый-археологиялык бөлүм ачылган. Бөлүмдө Саймалуу-Таш капчыгайынын аска таш сүрөттөрү (б. з. ч. 1-кылымдын башы – б. з. 8-кылым), коло дооруна таандык археологиялык казуулардан табылган курал-жарактар жана турмуш-тиричилик буюмдары, сактардын "айбанаттар үлгүсүндө" алтын фольгадан жасалган майда кадак-топчулар, Чүй өрөөнүндөгү Шамшы көрүстөнүнөн табылган алтындан жасалган кооз көркөм буюмдар ж. б. кирет. Ошондой эле түрк каганаттарынын дооруна (6–20-кылымдар) таандык таш айкел коллекциялары, Таластын таш рун жазмалары, курал-жарактары, чоподон, айнектен, металлдан жасалган буюмдары, тыйын табылгалар ж.б. эсептелет. 1960-жылы өлкөбүздүн борборунда Н. М. Пржевальскийдин мемориалдык музейи, андан кийин Г. Айтиевдин мемориалдык музей өнөрканасы, О. М. Мануйлованын, Т. Сатылгановдун, С. А. Чуйковдун, А. Токомбаевдин, С. Чокморовдун жана Исхак Раззаковдун мемориалдык үй-музейлери уюштурулган. Ошондой эле Чолпон-Ата шаарындагы Ысык-Көл мамлекеттик тарых-маданий корук-музейи, Ош шаарындагы «Сулайман-Тоо» улуттук тарых-археологиялык музей комплекси, Чүй өрөөнүндөгү «Бурана» музей мунарасы, Тогуз-Торо өрөөнүндөгү Саймалы-Таш корук-музейи, Ысык-Көл өрөөнүндөгү Рух-Ордо музейи, Нарын мамлекеттик коругу, Ат-Башы аймагындагы Таш-Рабат, Кошой-Коргон эски шаар калдыктары, Ош тарых-маданий корук музейи, Бишкек шаарындагы «Ата-Бейит» мемориалдык комплекси, Жалал-Абад өрөөнүндөгү Шах-Фазиль музейи, Бишкек шаарындагы Айкелдер музейи, Чүй өрөөнүндөгү «Красная Речка» (Невакет), «Ак-Бешим» (Суяб) шаар калдыктары ж. б. айтууга болот. Кийинки жылдары суу астында музейлер пайда болууда. Түркиядагы Бодрум суу астындагы археологиялык музейи, Норвегиялык деңиз музейи ж.б. 2017-жылы 12–15 м тереңдикте Атлантико музейи ачылган. Ланзарот аралында (Канар аралы) курулган. Ошондой эле Россияда жана Украинада да суу музейлери бар. Кыргыз улуттук агрардык университетинде Борбор Азиядагы алгачкы суу музейи ачылган.
Ш. Керимова