АРХЕОЛОГИЯЛЫК ИЗИЛДӨӨ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АРХЕОЛОГИЯЛЫК ИЗИЛДӨӨ– зат түрүндөгү байыркы археологиялык булактарды иликтеп таануу. Ал бир канча баскычтан турат: археологиялык, чалгындоо, эстеликти казуу, табылгаларды иреттөө, доорун аныктоо ж. б. Археологиялык казуу мезгилинде буюмдарды аныктоодо, диний ырым-жырымдарды археологиялык табылгалардын негизинде иликтөөдө, эстеликтин этностук тиешелүүлүгүн тактоодо тарыхый, этнографиялык, лингвистикалык, фольклордук маалыматтар менен салыштыруу Археологиялык изилдөөнүн зарыл баскычы. Буюмдун кайсы доорго тиешелүү экендигин тактоодо табигый илимдердин жетишкендиктерин колдонуп, калий-аргондук, радиокөмүртектик, дендохронология методу менен аныктоо анализи жүргүзүлөт; ар кайсы жерден алынган металл буюмдар тобун спектрдик анализден өткөрүп, металлдагы кошулмалардын курамын, кайсы жердеги кенден жасалгандыгын билүүгө болот. Адамдын баш сөөгүнүн өзгөчөлүгүнүн негизинде антропологдор жынысын, жашын, расасын так аныктай алышат, айрым учурда кайсы тараптан ооп келген этномаданий топ экендигин аңдоого да болот. Тарыхты окуп-үйрөнүүдө Археологиялык изилдөөлөрдүн мааниси зор. Адамзат коомунун алгачкы баскычынан тартып орто кылымдарга, жаңы мезгилге чейинки өнүгүү мерчемдери, материалдык жана рухий маданияттын өнүгүшү, байыркы жана орто кылымдардагы алардын коңшу аймактардагы элдер менен болгон көп кырдуу байланыштары өңдүү маселелерди чечмелөөдө Ахеологиялык изилдөөнүн мааниси зор. Кыргызстанда Археологиялык изилдөөлөр 19-кылымдын ортосунан тартып жүргүзүлгөн (к. Археология).
К. Табалдиев