АРХЕОЛОГИЯЛЫК БУЛАКТАР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АРХЕОЛОГИЯЛЫК БУЛАКТАР– байыркы адамдардын турак жайлары, эмгек куралдары, көрүстөндөр, аска-таштардагы сүрөттөр, жазуулар, шаар калдыктары ж. б. материалдык эстелик даректери. Археологиялык булактар байыркы элдердин, коомдордун социалдык-экономикалык, саясий тарыхы, этногенези, элдердин байланышы, руханий маданияты, каада-салты боюнча баалуу маалымат алып жүрүүчүлөр болуп саналат. Бул даректердин маалыматтарын тактоо, ырастоо үчүн материалдык калдыктардын үстүндө иштөөнүн өзүнчө ыкмасы иштелип чыгат. Мисалы, типологиялык изилдөө, классификациялоо, доорун аныктоо методологиялары, археологиялык маданияттарды системалап бөлүү, салыштырма анализ жүргүзүүлөргө таянган ыкмалар. Натыйжада, байыркы калдыктардан археология үчүн зарыл маалымат алынат. Ушундан кийин археологиялык табылга-буюм – материалдык булакка айланат.
К.Табалдиев.