АРФА
Jump to navigation
Jump to search
АРФА (немисче harfe) – көп кылдуу терип чертме музыкалык аспап. Биздин заманга чейинки 3 миңинчи жылдан белгилүү. Бүгүнкү күндө колдонулуп жаткан арфанын 46 кылы, добуш күчөткүч чарасы бар. Эки түрдүү кыймылдагы педалдык арфаны XIX кылымда Францияда С. Эрар ойлоп чыгарган. Арфа оркестрлик, ансамблдик жана жеке аспап катары колдонулат.