АРТРОЗ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АРТРОЗ (гр. arthron – муун) – муундун өнөкөт оорусу. Ал эндокриндик бузулуу, муун травмасы, организмдеги зат алмашуунун бузулушу, өтө семирүү, ошондой эле муундарга дайым күч келгенден (бийчилерде, спортчуларда ж. б.) пайда болот. Тар бут кийим да Артроздун себеби болушу мүмкүн. Артроз ири (тизе, жамбаш, чыканак, кызыл ашык) жана майда муундарды, анын ичинде омурткаларды (спондилоартроз) жабыркатат. Мында сөөктөрдүн муунга бириккен учундагы кемирчек бузулуп, жукара баштайт, ошондой эле сөөк тканы жана муун баштыкчасынын ички бети бузулуп, кээде сөөк өсөт. Белгилери – муундар мезгили менен ооруйт. Айрыкча өтө күч келгенде же узакка кыймылсыз абалда болгондо оору күчөйт, муундун кыймылы азаят. Муундар шишимик тартып, ага тийгенде ооруйт, бүккөндө, сунганда кырсылдайт. Муундун формасы өзгөрүп, ири муунда суюктук толушу мүмкүн. Дарылоо кайсы муундун жабыркаганына жана оорунун абалына жараша жүргүзүлөт. Организмдеги зат алмашуу процессин калыбына келтирүү жана жабыркаган муунга күч келтирбөө керек. Кээде хирургиялык операция талап кылынат.