АРТАКСЕРКС

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АРТАКСЕРКС– Ахемениддер династиясынан чыккан перс падышалары. АртаксерксI (гректер аны Макрохейр -«узункол» деп аташкан) б. з. ч. 465–424-жылдары башкарган. Атасы Ксеркс I өлтүрүлгөндөн кийин, улуу атасы Дарийди атасына каршы кутумга катышты деп айыптап, аны бийликтен четтеткенден кийин такка отурган. 464-жылы Бактриянын сатрапы Виштапстын козголоңун баскан. 454-жылы египеттиктерди жанa аларды колдогон афиналыктардын флотун Нилдин делтасында талкалаган. 449-жылы Саламиндин (Кипрде) алдында гректерден жеңилгенден кийин грек-перс согуштарын жыйынтыктаган Калий тынчтыгына кол койгон. Анын шарттары боюнча Артаксеркс I Кичи Азиядагы грек шаарларынын көз каранды эместигин тааныган. 424-жылы дүйнөдөн кайткан, ошол эле күнү аялы Дамаспия да каза болгон. Экөө тең Персеполго жакын жерге коюлган.
АртаксерксII 404-359-жылдары башкарган; Дарий II нин тун уулу. Укмуштуудай эске тутуу жөндөмдүүлүгүнө ээ болгондуктан, гректер аны Мнемон («куйма кулак») деп аташкан. Бийлик жүргүзгөн алгачкы жылдары Кичи Азияны башкарып турган иниси Кир экөөнүн ортосунда такты үчүн күрөш жүргөн. Кир Вавилониядагы Кунакстын алдындагы салгылашууда курман болгон. Тышкы саясаттагы бир топ ийгиликтерге карабастан (394-жылы Книданын алдында спарталык флотту талкалоо, 386-жылы Анталкид тынчтыгы ж. б.), Артаксеркс II башкарган мезгилде аялдарынын жана балдарынын (360 аялы, 115 баласы болгон) ортосундагы тынымсыз интригалар Ахемениддер мамлекетин бир топ начарлаткан.
АртаксерксIII 359-338-ж. башкарган. Артаксеркс II нин уулу. Улуу агаларынын баарын жок кылгандан кийин такка отурган. Башкарган
жылдары Ахемениддер мамлекетинин бүтүндүгүн калыбына келтирүү үчүн күрөш жүргүзгөн. Сатраптарга жалданма аскер кармоого тыюу салган. Кичи Азиядагы, Финикиядагы, Кипрдеги козголондорду аеосуз баскан. 342-жылы Египетти кайрадан бириктирип, перстердин бийлиги калыбына келтирилген. 338-жылы каза тапкан Артаксеркс III (дарыгери тарабынан ууландырылган) Персеполго коюлган.
АртаксерксIV. Б . з. ч 330-жылы Бактриянын сатрапы Бесс Дарий IIIнү өлтүрүп, Александр Македонскийге качып келген жана Артаксеркс деген ат менен өзүн перс падышасы деп жарыялаган. 329-жылы македондуктар тарабынан өлтүрүлгөн.
Ад: Дандамаев М. А. Ахемениддер державасынын саясий тарыхы. М., 1985.