АРСTАH

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АРСТАН (Leo) – мышык сымалдар түркүмүнө кирүүчү ири жырткыч айбан. Дене узундугу 91-317 см, куйругу 70-114 см, салмагы 91-390 кг. Тулку бою узун, башы чоң, кулагы кичине, буттары тулкусуна салыштырмалуу кыска, жоон, тырмактары ичине кирип турат. Денеси кыска жүн менен капталган. Арстандын эркегинин баш, моюн, көкүрөк бөлүгү сапсайган узун жүндүү.

АРСTАH 28.png


Түсү бир өңчөй, күрөң сары; балдары темгилдүү. Боздоң жана саваннада кеңири таралган, ал үйүр түзүп жашайт. Көпчүлүк учурда түнкүсүн аң уулоого чыгат. Арстандын үйүрүндө азыгын ургаачысы табат, ири жаныбарларга кол салат. Ал 2 жылда бир жолу 1-6, чанда жетини тууйт. Арстан зоопарктарда багылып, тукумдай алат, оңой үйрөтүлүп циркте ойнотулат, 25-30 жыл жашайт.