АРРЕНИУС

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АРРЕНИУС Сванте Август (19. 2. 1859 - 2. 10.1927) – физикалык химия боюнча швед илимпозу. Швед ИАнын мүчөсү (1901), бир топ өлкөнүн академияларына жана СССР ИАнын ардактуу мүчөсү (1926). Кембридж, Оксфорд, Бирмингем ж. б. университеттердин ардактуу доктору, электролит диссоциация теориясынын негиздөөчүсү. Упсал университетин бүтүргөн соң (1882), Стокгольм ИАнын физика институтунда иштейт. 1895-жылдан Стокгольм университетинин профессору, Нобель сыйлыгынын лауреаты (1903). 1905-жылдан Нобель институтунун директору. Электролиттердин суюлтулган эритмелеринин электр өткөргүчтүгүн изилдеп, алардын молекуласы эриген учурда заряддалган бөлүкчөлөргө – иондорго ажырайт деген жыйынтыкка келген (1887). Анын электпролитптпик диссоциация теориясы – 19-кылымдагы улуу ачылыштардын бири, Ал эритмелерди андан ары изилдөөгө негиз берди.