АРМЯНДАР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АРМЯНДАР--(өздөрүн хай деп аташат) – улут, Армян Республикасынын негизги калкы. Тоолуу Kapaбахта, Грузияда, ошондой эле 70тен ашык өлкөдө: Россия, АКШ, Франция, Иран, Сирия, Ливан, Түркия, Аргентина, Украина, Өзбекстан, Түркмения, Болгария, Канада, Ирак ж. б-да. жашашат. Жалпы саны 7–15 млн киши, анын 3 млну Арменияда (2012), Кыргызстанда 1283 киши (2006). Армян тилинде сүйлөшөт, негизинен монофисттик христиандар, ошондой эле католиктер, протестанттар да бар. Армяндар түндүк чыгыш Кичи Азиянын байыркы калкы.

19-к-дын аягы – 20-к-дын башындагы армяндардын улуттук кийими.


Б. з. ч. 16–15-кылымдардагы хетт жазууларында Арматана, кийинчерээк (б. з. ч. 14–13-кылымдар) Хайаса деп аталат. Ассириялыктар Армяндарды у р м е дешкен. Армяндардын биригүүсү узак убакытка созулуп, негизинен б. з. ч. 4-кылымында аяктаган. Армяндардын этностук негизин урарт, хай, армян уруулары түзгөн. 301-жылы христиан динин кабыл алышкан. 19-кылымдын аягында улут болуп түзүлүп, андан ары өнүккөн. Армяндар негизинен дыйканчылык, мал чарбачылык менен кесип кылышып, глхатун-жер төлөдө, 19-кылымдын аягынан бетон жана таштан салынган бир жарым же эки кабаттуу үйлөрдө жашашкан. Армяндар көйнөк, кенен шым, архалук, чухи черкеска кийишип, белдерине кур тагынышкан, аялдар алжапкыч тагынып, баштарына жамынма салынган, эркектер тери же кийизден жасалган баш кийимдерди кийишкен. Тамак-ашы негизинен дан, сүт, эт азыктары.