АРМСТРОНГ Луи Даниел
Jump to navigation
Jump to search
АРМСТРОНГ Луи Даниел (4. 08.1901, Жаңы Орлеан, Луизиана – 6. 7. 1971, Куинс, Нью-Йорк) – белгилүү америкалык джаз трубачысы жана ырчы, киноактёр. 13 жашынан трубада ойноп, 1924-жылы Нью-Йорктогу концертте аткарган. 1927-жылы Л. Армстронг «Биринчи класстык бешилик» жана «Биринчи класстык жетилик» джаз-оркестрлерди (Нью-Йорк) уюштурган жана жетектеген, Лондондо, Парижде, Берлинде ж. б. гастролдо болгон. Радиотелеберүүлөргө, фильмдерге тартылган. Трубачы-виртуоз катары джаз оркестрлердин конкурстарында жогорку сыйлыктарын алган.