АРМСТРОНГ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АРМСТРОНГ Нил (Armstrong) (1930-жылы туулган, Огайо штаты, Уапаконета шаары) – АКШнын учкуч-космонавты. 1955-жылы Пердью университетин (Индиана штаты, Лафайетт шаары) бүтүргөн. Айдын бетине биринчи кадам койгон адам. Аскер-деңиз флотунун офицери, кийин Льюис изилдөө борборунда учкуч-сыноочу. 1962-жылдан АКШнын космонавттар тобунда болуп, 1966-жылы 16-мартта «Джемини-8» космос корабли менен Д. Скотт экөө космоско учкан. Армстронг 1969-жылы июлда «Аполлон- 11» корабли менен (экипаждын мүчөлөрү: Э. Олдрин, М. Коллинз) дүйнөдө биринчи жолу Айга учуп, 20-июлда ага барып конгон. 21-июлда Ай бетинде (Олдрин менен) 31 мин 40сек болгон. Жерге 24-июлда кайтып келишкен. Айдагы бир кратер анын ысымы менен аталган.