АРКТИКА АБАСЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АРКТИКА АБАСЫ, арктика аба массас ы – Арктиканын үстүндө пайда болгон аба массасы. Ал төмөнкү температурасы, аз нымдуулугу, тунуктугу менен айырмаланат. Айрым мезгилдерде Жер Ортолук деңиз аймактарына, Орто Азиянын түздүктөрүнө, ошондой эле Кыргызстанга, АКШнын түштүк аймактарына чейин жетип, суук алып келет. к. Аба массасы.