АРКТИКАЛЫК РАСА

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АРКТИКАЛЫК РАСА (эскимос расасы) – монголоид расасынын курамындагы кичи раса. Евразиянын (Камчатка, Чукотка) түндүк-чыгыш зонасында, Түндүк Америкада (Аляска, Түндүк Канада) жанa Гренландияда (эскимос, алеут, чукча, коряк, ительмендер) кеңири тараган. Арктикалык раса Американоиддик раса, Чыгыш Азия (ыраакы чыгыш расасы) тынч океандык монголоиддер жана Азия (түндүк азия расасы) аймактарындагы монголоиддердин аралашуусунан пайда болгон өткөөл раса. Алар булчуңдуу келип, түндүказиялык монголоиддерден шыңга бойлуу, денелери кара тору, беттери жайык, эриндеринин калыңдыгы менен айырмаланат.