АРКА кыштагы
Jump to navigation
Jump to search
АРКА – Баткен облусунун Лейлек районундагы кыштак. Жаңы-Жер айыл аймагына караштуу. «Кайрак-Кум» суу сактагычынын түштүк-батыш тарабында жайгашкан. Райондун борбору Раззаков шаарынан 80 км түндүк тарапта. Ленинабад (Тажикстан) темир жол бекетинен 20 км. 1955-жылы отурукташкан. Деңиз деңгээлинен 405 м бийиктикте жайгашкан. Калкы 4310 (2022); негизинен дыйканчылыкта эмгектенет. Эки орто мектеп, 2 китепкана, 2 медпункт, турмуш-тиричилик комбинатынын бөлүмдөрү бар.