АРКАК ТYPГҮЧ МАШИНА
Jump to navigation
Jump to search
АРКАК ТҮРГҮЧ МАШИНА– аркак жибин чыгырыкка түрүүчү машина. Токуучу машинанын
ийигине чыгырык кийгизилет да, эки кыскыч
менен кысылат. Ийик айланганда чыгырык кошо
айланып, аркак жибин түрөт. Аркактын чыгырыкка текши түрүлүшү атайын механизм менен
жөнгө салынат. Жип чыгырыкка түрүлүн бүткөндө же үзүлгөндө, чыгырык өзүнөн өзү токтойт. Жиптин жоондугу атайы орнотулган прибор менен текшерилип турат.