АРИП

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АРИП – тамга, белги жана цифралардын графи­ка түрүндөгү формасы. Арип графикалык мүнөзүнө жараша орусча, латынча, немецче, грузинче, армянча, грекче, арабча ж. б. болуп бөлүнөт. Басмакана ариби аткарган милдетине жараша тексттик (жалаң текст басуу үчүн), титулдук (китептин атын, мукабасын, элементтерин басуу үчүн), акциденттик (плакатта) терүү деп аталат. Ар бир ариптин курамына кичине тамга, баш тамга, капителдер кирет. Арип сүрөтү, жазылыш түрү боюнча төмөнкүчө айырмаланат: а) жайланышына жа­раша – тик, жантык, курсивдүү; б) энине жа­раша – кадимкидей, ичке, жоон; в) басылышына жараша - ачык, бүдөмүк кара, капкара. Бир эле ариптин өлчөмү түрдүүчө болушу мүмкүн (к. Кегль). Арип кол менен жазуу, сүрөткө тартуу, ташка, темирге, жыгачка оюп түшүрүү жана басмаканада куюп алуу жолдору менен даярдалат. Арип басмаканада кол менен монотипте (тамгалай) жана линотипте (саптай) терилип алынат. Учурда компьютер жолу менен да ар кандай түрдүү ариптерди колдонууга болот.