АРИОЗО

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АРИОЗО (италянча arioso, aria – ария) – 1) арияга караганда көлөмү чакан, речитативден обонунун жөнөкөйлүгү жана мукамдуулугу менен айырмаланган операдагы, кантатадагы вокалдык композиция. XVII кылымда италиялык операда (К. Монтеверди, М. А. Честинин) речитативдин обондуу бөлүгүн ариозо түзгөн. XIX–XX кылымlдардын операларында ариозо анча чоң эмес ария, башкача айтканда лирикалык ыр («Евгений Онегин» операсындагы Ленскийдин, П. И. Чайковскийдин «Карганын маткесинде» Лизанын ариозосу) кээде обондуу декламация мүнөзүндө болгон. К. Ариетта, Каватина; 2) атка­руучулукта кантилендик мүнөздөгү аткарууну жана ырдоону (ария сыяктуу) көрсөтүүчү белги.