АРИДДИК КЛИМАТ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АРИДДИК КЛИМАТ – абанын температурасы жогору жана жаан-чачын аз жааган кургак климат. Мында аба температурасынын суткалык жана жыл­дык өзгөрүүсү кескин, жаан-чачын жок же өтө аз (жылына 100–150 мм) болот. Жылдык орточо нымдуулук коэффициенти 30%ти түзөт. Сутка ичинде температуранын кескин өзгөрүшүнө байланыштуу жер кыртышындагы чулу тоо тектер талкаланып, кумга айланат. Ариддик климат негизинен тропиктик жана субтропиктик алкактарга (Сахара, Араб жарым аралындагы чөлдөргө, Австралияга, ошондой эле Түндүк жана Түштүк Американын, Борбордук жана Орто Азиянын чөлдөрүнө) мүнөздүү.