АРЗЫБАЕВ Момун Арзыбаевич

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АРЗЫБАЕВ Момун Арзыбаевич (1950- жылы туулган, Ош облусу, Лейлек району, Даркум айылы) – фармаколог-паразитолог, ветеринария илимдеринин доктору (2006), профессор (2017). К. И . Скрябин атындагы КАЧИнин ветеринария факультетин бүтүргөн (1973 ). 1973-74 -жылдары Лейлек райондук ветеринария лабораториясында ветврач-бактериолог, 1974–75-жылдары Кыргызстан мал чарба жана ветеринария ИИИде ага илимий кызматкер, 1975–85-жылдары Кыргыз ССРнин ИАсынын биология институтунда кенже илимий кызматкер, аспирант. 1986–90-жылдары Кыргызстан контролдук ветеринария ИИИнин ага илимий кызматкери, жетектөөчү илимий кызматкери. 1991–96-жылдары К. И. Скрябин атындагы КАЧИде ага окутуучу, доцент. 1997–2003-жылдары Кыргызстан контролдук ветеринария ИИИде ветеринардык препараттардын фармакологиялык экспертиза лабораториясынын жана ветеринардык препараттардын фармакологиясы жана аларды мамлекеттик конролдоо бөлүмүнүн жетекчиси. 2003-жылдан К. И. Скрябин атнындагы КУАУда биотехнология жана химия кафедрасынын башчысы. Арзыбаевдин 4 монографиясы, 160 илимий макалалары жана 9 окуу куралы жарык көргөн, ойлоп табуучулук боюнча 6 авторлук күбөлүктүн жана КРдин 14 патентинин ээси.

Эмг.: Антигельминтные средства при молниезиозе овец// Ветеринария. –М., 2006. № 10.С. 33-35. Продовольственная безопасность и питание: учебное пособ. –Б., 2015.–358 с. (в соавт.).