АРГУМЕНТ
Jump to navigation
Jump to search
АРГУМЕНТ (лат. argument urn – предмет, белги) – 1) функциянын Аргументи – анын маанисине функциянын мааниси көз каранды болгон өзгөрмө чоңдук; 2 )z = x + yi = r (coscp + isiny) комплекстүү санынын А-и – тегиздиктеги координаталары х жана у болгон чекитке туура келген г радиус-векторунун абсцисса огу менен түзгөн Ф бурчу; 3) башка бир ой жүгүртүүнүн (конвенция, теория) чындыгын ырастоого алып келүүчү ой жүгүртүү (же ой жүгүртүүлөрдүн жыйындысы); 4) логикада Аргумент – далилдөөнүн негизи боло турган түшүнүк. Кандайдыр бир жобонун акыйкаттуулугун же жалгандыгын далилдөө үчүн келтирилген пикир.