АРГОН

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АРГОН (лат. Argon), Аг – элементтердин мезгилдик системасынын VIII тобундагы химиялык эле­мент; инерттүү газ. Катар номери 18, ат. м. 39,948. Үч изотобу бар: Аг36 (0,337 %), Аг38(0,063 %), Аг40 (99,600 %). Сырткы электрондук конфигурациясы 3s2 Зр6. Аргон инерттүү газдардын ичинен эң көп таралганы; атмосферада көлөмү б-ча 0,933%. Молекуласы бир атомдуу, түссүз, жытсыз. Кайноо t -185,29°С, тыгыздыгы 0,001784 4 г/см3. Органикалык эритмелерде сууга караганда жакшы эрийт. 1894-жылы Дж. Релей жана У. Рамзай ачкан. Аргон абаны өтө муздатып бөлүүдөн алынат. Байытылган Аргон аралашмасынын курамында 40% ке жакын кычкылтек болот. Аны бөлүүчү аспаптан өткөргөндө 95%түү Аргон алынат. Андан ары тазалоо гидриддөө, адсорбциялоо ж. б. жол менен ишке ашат. Аргон металлургияда, металл иштетүүдө, жарым өткөргүч аспаптарды даярдоодо, химиялык синтезде, люминесценттик лампаларда, ядролук техникада ж. б. кеңири колдонулат.