АРГЕНТИНА

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АРГЕНТИНА, А р г е н т и н а Р е с п у б л и ­к а с ы Түштүк Американын түштүгүндөгү мамлекет. Аянты жана калкынын саны боюнча континенттеги 2-өлкө (Бразилиядан кийин). Түштүк Америка материгинин түштүк-чыгышын, Оттуу Жер аралынын чыгыш бөлүгүн, жакын жайгашкан Эстадос ж. б. аралдарды ээлейт. Батышынан Чили, түндүгүнөн жана түндүк-чыгышынан Боливия, Па­рагвай, Бразилия, Уругвай менен чектешет. Чыгышын Атлантика океаны чулгап жатат. Аян­ты 2,78 млн км2 [Аргентина менен Улуу Британиянын ортосундагы талаш аймак – Фолкленд (Маль­вин) аралын кошпогондо]. Калкы 45,0 млн (2021). Борбору – Буэнос-Айрес шаары. Акча бирдиги – Ар­гентина песосу. Аргентина – БУУнун (1945), Америка мамлекеттери уюмунун (1948), Түштүк Американын жалпы рыногунун (МЕРКОСУР; 1991), Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун (1995) мүчөсү.

Мамлекеттик түзүлүшү

Аргентина – федерациялык мамлекет. Ал 23 провинцияга жана Федерация­лык (борбордук) округга бөлүнөт. Конституциясы 1853-жылы кабыл алынган, бирок аскердик төңкөрүштөргө байланыштуу, бир нече жолу

АРГЕНТИНА 45.png
АРГЕНТИНА 46.png

токтотулган. 1949–57-жылы 1949-жылдагы конституциясы колдонулган, ал эми 1957-жылы 1853-жылдагы конституциясы калыбына келтирилген. Башкаруу формасы – президенттик республика. Мамлекет жана өкмөт башчысы – президент. Президент жана вице-президент жалпы элдик шайлоо жолу менен 4 жылга (дагы бир жолу кайра шайлануу укугуна ээ) шайланат; андан соң мам­лекет башчысы бир жолку мөөнөттү өткөрүү менен кайра шайланууга укуктуу. Мыйзам чыгаруу бийлигинин жогорку органы – Конгресс, ал Сенат жана Депутаттар палатасынан турат. Саясий партиялары: Жарандык радикалдуу союз, Хустисиалистер партиясы, Өлкөнүн тилектештик фронту партиясы.

Табияты.

Аргентинанын чыгыш бөлүгү түзөң; батышын Анд тоолору (Аконкагуа чокусу, бийиктиги 6960 м, Түштүк Американын эң бийик жери), түштүк батышын Патагония бөксө тоолору, түндүгүн Гран-Чако түздүгү, Парана, Уругвай дарыяларынын аралыгы (Эки суу арасы), борбордук бөлүгүн Ла-Плата ойдуңу ээлейт. Өлкөнүн негизги бөлүгүн түзгөн түздүктүү аймагы байыркы Түштүк Америка жана Патагония платформаларында жайгашкан. Ал

Аргентинанын батыш чек арасындагы Түштүк Анд тоолору.

эми Анд тоолору мезозой-кайнозой бүктөлүү

структураларына кирет. Маанилүү кен байлыктары: нефть (Комодоро-Ривадавия, Барранкас), газ (Лома, Ла-Плата, Сан-Хорхе ж. б.), берил­лий, уран, темир, жез, алтын ж. б. Тропиктик, субтропиктик жана мелүүн климаттык алкактарда жатат. Түндүгүндө январдын (жай айы) орточо температурасы Гран-Чакодо 28°Сден (абсолюттук максиму­му 46°С), Оттуу Жер аралында 10°Сге чейин, июлда (кыш айы) түндүгүндө 18°С, түштүгүндө 1°С. Патагония бөксө тоолорунда –33°Сге чейин суук болушу мүмкүн (абсолюттук минимуму – Чубут дарыясынын өрөөнү, Түштүк Американын эң суук жери). Түштүктөн соккон памперос шамалы өлкөнүн түндүгүнө да үшүк алып келиши ыктымал. Жыл­дык жаан-чачыны Эки суу арасында 1600 ммге чейин, Гран-Чакодо 400–1400 мм, Пампанын чыгышында 600–1000 мм, батышында 400–600 мм, Патагонияда 100–300 мм, Пунада 100 ммден аз, Анд тоолорунун капталдарында 100–5000 мм. Патагония Анд тоолорунда Түштүк Америкадагы ири мөңгүлөрдүн бири – Унсала жайгашкан. Ири дарыялары: Парана, Уругвай, Парагвай (кеме жүрөт), Чубут, Рио-Негро, Рио-Колорадо. Анд тоолорунда мөңгүнүн аракетинен пайда болгон көлдөр бар. Тропиктик алкакта жайгашкан. Эки суу арасынын түндүк-чыгышын, Анд тоолорунун чыгыш капталдарын нымдуу тропик токою (анын астында кызыл-сары ферралит топурактары өрчүйт), кызыл-күрөң топурактуу Гран-Чакону кургакчыл сейрек токой (кебрачо, альгарробо ж. б.), Пунаны бийик тоонун тропиктик чөлү, Пилькомайо, Рио-Бермехо, Парагвай, Парана дарыясын бойлой, Эки суу ара­сынын борбордук бөлүгүн саз, токой жана чөп өсүмдүктөрү ээлейт. Субтропик алкагында – Эки суу арасынын түштүгүнө саванна, Пампанын чыгышына прерий сымал нымдуу шалбаалуу талаа – пампас (кара топурактуу; азыр дээрлик айдалган же жайыт), батышына кургакчыл бадалдуу талаа, андан ары, ошондой эле Анд тоолорунун капталдарына бадалдуу жарым чөл мелүүн алкак­та – Патагонияга дан өсүмдүктүү бадалдуу жа­рым чөл, Анд өндүрүндөгү ойдуңдарга талаа өсүмдүктөрү мүнөздүү. Анд тоолорунун чыгыш капталдарын 37° түштүк кеңдиктен түштүктү карай нымдуу дайыма жашыл, ­

АРГЕНТИНА
Игуасу улуттук паркы.

41°тан түштүктө аралаш, ошондой эле жалбырагы күбүлмө субантарктикалык токойлор каптаган. Aргентинада жалпы аян­ты 9112 миң гага жеткен 145 коргоого алынган аймак бар; анын ичинде белгилүү улуттук парктары: Игуасу, Лос-Гласьярес (булар Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине катталган), Лос-Алерсес, Ланин, Науэль-Уапи ж. б.

Калкы

ар кошкон элдердин тукумдарынан куралган. Креолдор (Aргентинада туулган испандар) жергиликтүү индейлер, кийин (19-кылымда) европа иммигранттары менен аралашып кеткен. Калкынын 90%тен ашыгы аргентиналыктар, алар расалык жактан «актарга» (73%) жана метистерге бөлүнөт; ошондой эле испан, италян, украин, поляк, немис, фран­цуз ж. б. улуттар да жашайт. Орт. жыштыгы:1 км2 жерге 14,2 киши. Калкынын жашынын орточо узактыгы: 76 жыл (эркектериники – 73, аялдарыныкы – 79 жаш). Мамлекеттик тили – испан тили. Калкынын 92% христиан динин тутат. Шаар калкы 80%тен ашык. Ири шаарлары: Буэнос-Айрес, Росарио, Кордова, Ла-Плата ж. б.

Тарыхы

Аргентинанын аймагын байыртан эле индей уруулары мекендеп келген. Алар 16-кылымдын башына чейин уруучулук коомдо жашап, дыйканчылык, аңчылык жана балык уулоочулук менен кесиптенишкен. 1516-жылы февралда испаниялык деңиз саякатчысы Хуан Диас де Солис Рио-дела Плата өзөнүнө келип түшүп, аны испан королунун жери деп жарыялайт. Аргентина аймагын испандыктар басып алып, бул жерди күмүштүн запасына бай деп эсептешип, аймакты Ла-Плата деп аташкан (Rio de la Plata, испанча – күмүш дарыя дегенден). Алар индейлердин көпчүлүгүн кулга айландырып, оор жумуштарга иштетип, багындыра албагандарды Анд тоолоруна куугунтуктаган (индейлерди эксплуатациялоонун мындай түрү – энкомьенда аталган). Испандыктардын басып алган жерлери ири жер ээлөөчүлөрдүн жана чиркөөлөрдүн жер ээлигине айланган. Жумушчу күчү жетишпегендиктен, испан­дар Африкадан негр-кулдарды ташып келе башташкан. Оор эзүүгө чыдабаган индейлер көтөрүлүшкө (Санта Фе провинциясы, 1580) чыгыш­кан. Кийин индейлердин көтөрүлүштөрү Аргентинанын бүткүл аймагына тараган. Испандыктар Испанияда өндүрүлүп, ташылып жаткан өнөр жай, айыл чарба продуктыларын Ла-Платада өндүрүүгө, ошондой эле башка өлкөлөр менен соода жүргүзүүгө тыюу салышкан. 18-кылымдын 60–70-жылдарында мануфактураларды уюштурууга, соода тармагында бир кыйла жеңилдиктер берилген реформалар жүргүзүлүп, колониялардын өнүгүшүнө жагымдуу жагдай түзүлгөн. 1620-жылы Ла-Плата аймагы Пе­ру вице-королдугуна кошулат. 1776-жылы азыркы Аргентина, Боливия, Парагвай жана Уругвай кир­ген аймак Ла-Плата вице – королдугу болуп бөлүнөт. Буэнос-Айрес, Мендоса, Сан-Луис ж. б. шаарлар өнүгүп, кол өнөрчүлөр, токуучулар пай­да болот, бирок жаңыдан пайда болгон өндүрүштүк мамилелердин өнүгүшүнө колониялык бийлик тоскоол болгон. 1810-жылы Буэнос-Айресте испандыктарга каршы боштондук кыймылы жеңишке жетишип, тарыхта Май революциясы деп аталып, 25-май аргентиналыктардын улуттук майрамы катары майрамдалат. 1816-жылы 9-июлда Тукуманда Улуттук Конгресс Ла-Плата Бириккен провинциясынын (азыркы Аргентина) көз каранды эместигин жарыялаган. 1826-жылы Аргентина Федерациялык Республикасы же Аргентина (лат. Argentum – күмүш) болуп кайра түзүлгөн. 20-кылымда Аргентина көптөгөн төңкөрүштөрдү башынан өткөрүп, өлкөдө бийлик алмашылып турган. 1946-жылы президент болуп шайланган X. Д. Перондун өкмөтү Aргентинада «социалдык жактан теңдештирүү» саясатын жүргүзүү менен экономиканы индустриалдаштыруу жана улутташтыруу боюнча реформаларды ишке ашырган. 1955-жылы аскердик төңкөрүштүн жүрүшүндө X. Д. Перон кызматтан кетирилип, бийлик хунтанын колуна өткөн. 1974-жылы X. Д. Перон президенттик кызматка кайрадан шайланган. 1976–83-жылдары Aргентинада бийлик кайрадан аскердик башкаруучулардын колуна өтөт.
1981-жылы аргентиналык аскерлер Фолкленд (Маль­вина) аралына түшүрүлгөн (бул аралдар 1833-жылы Англия тарабынан басып алынган болчу). Бул аралдардагы Британиянын суверенитетин тааныгысы келбеген Аргентина менен Улуу Британиянын ортосунда келип чыккан согуштук чатак англичандардын пайдасына чечилген. Англичандардан жеңилгенден кийин аргентиналык аскер­лер бийликти саясий партияларга өткөрүп берген. 1989-жылы бийликке кайрадан перронисттик өкмөт келгенден кийин өлкөдө демократиялык режим калыбына келтирилген. 1994-жылы конституцияга өзгөртүүлөр киргизилип, президенттик башкаруу мөөнөтү 6 жылдан 4 жылга кыскартылган; Конгресстин укуктары кеңейтилген; Министрлер кабинетинин башчысы кызматы кир­гизилип, ал президент тарабынан дайындалган жана парламентке жоопкер болгон. 1999-жылы шайлоодо Ф. Де ла Руа жетектеген оппозициялык блок жеңишке жетишкен. 1990-жылы башталган экономикалык кризистин кесепетинен, 2001-жылдын декабрында финансы системасы кыйраган жана бул социалдык жарылууларга алып келип, Де ла Руа отставкага кеткен. Бир жуманын ичинде Aргентинада беш президент алмашылган. 2002-жылдагы президенттик шайлоодо Н. Кирчнер жеңип чыккан.

Экономикасы

Аргентина – экономикалык өнүгүү дең­гээли боюнча Латын Америкасында Бразилия жана Мексикадан кийинки 3-орунда турат. Бирок, айыл чарба продуктуларын өндүрүүчү жана экспорттоочу дүйнөдөгү негизги өлкөлөрдүн бири, ошону менен катар өнөр жайы салыштырмалуу өнүккөн өлкө. 1990-жылы Аргентина өкмөтү тарабынан өлкөнүн экономикасын оңдоо боюнча олуттуу иштер жүргүзүлгөн: мамлекеттик секторлордогу ишканалар менчиктештирилген, бюджет катуу көзөмөлгө алынган, ички рынокко чет өлкөлүк компаниялар конкурент катары катышууга укук алган. Экономикасынын маанилүү тармактары нефть, газ, автомобиль өнөр жайы бүт, электр, суу жана газ менен камсыздоонун басымдуу бөлүгү чет өлкөлүк (АКШ, Германия, Япония, Франция, Италия) капиталдын көзөмөлүнө өткөн. Ички дүң продукциясы 435,2 млрд долларды (АКШ, 2011) түзүп, киши башына бөлүштүргөндө 10,6 миң доллардан туура келет. Бул көрсөткүч борбордо бир кыйла жогору (25 миң доллар). Ички дүң продукциясында тейлөө чөйрөсүнүн үлүшү 53,5%ти, өнөр жайыныкы 35,9%ти, айыл, токой жана ба­лык чарбаларыныкы 10,6%ти түзөт (2004). Экономикалык активдүү калкынын V2 тейлөө чөйрөсүндө эмгектенет. Структурасында финансы жана биз­нес кызматы (30%), коммерция (28%), транс­порт жана байланыш (10%) үстөмдүк кылат. Ири банктары: Улуттук, инвестиция, сырткы соода жана Улуттук ипотека. Байланыш кызматы, тоо- лыжа, деңиз курорттору, тарыхый маданий борборлор (Буэнос-Айрес, Мендос ж. б.), ландшафтынын кооздугу (Игуасу шаркыратмасы, Пата­гония мөңгүсү) туризмдин өнүгүшүнө түрткү болууда. 2000-жылы 3 млнго жакын турист келген (андан түшкөн киреше 2,8 млрд долларды түзгөн).

Буэнос-Айрестеги нефть ылгоочу завод.

Ички дүң продукциясында казып алуу өнөр жайынын үлүшү 32,2%ти, тейлөө чөйрөсүнүкү 16,1%ти, айыл чарбаныкы 8,5%ти түзөт (2009). 2007-жылы млрд кВт'С электр энергиясы өндүрүлгөн. Нефть жана газ өлкөнүн ички керектөөсүн толугу менен камсыз кылат. Нефть казып алуу боюнча Латын Америкасында (Мексика, Бразилия, Венесуэладан кийин) 4-орунду ээлеп, 40%тен ашыгын экспорттойт. Нефть өлкөнүн батышында (Мендос, Неукен, Чубут провинцияларында) жана түштүк -чыгышында (Сан-Хорхе булуңунун аймагы), жаратылыш газы Неукен жана Түндүк-ба­тыш Аргентинада казылып алынат. Ошондой эле көмүр (неги­зинен күрөң көмүр), жез, темир, коргошун, цинк, вольфрам, уран, марганец, калай казылып алынат.

Таблица 2
Маанилүү кенбайлыктары
Нефть, млн т 43,8
Жаратылыш газы, млрд Jlt3 45,8
Көмүр, МИҢ T 190,0
Жез, миң г 204,0
Цинк, миң T 37,3

.

Таблица 3
Электр станциялардын типтери б-ча электр энергиясын өндүрүү (% менен)
1980 2002
жэс 55,9 46,9
ГЭС 38,2 44,6
АЭС 5,9 8,5


Аргентина ядро энергетикасы жана уран өнөр жайы боюнча дүйнөгө белгилүү болгон. Кара металлур­гия сырттан алынып келинген сырьёнун негизинде иштейт. Түстүү металлургия (цинк, алю­миний, коргошун) өнөр жайы өнүккөн. Оор өнөр жайында алдыңкы орунду машина куруу ээлейт; анын ичинде транспорттук, айыл чарба машиналарын куруу, электр-техникалык, тамак-аш өнөр жайы үчүн жабдууларды чыгаруучу тармактары өнүккөн. Автомо­биль чыгаруу боюнча Латын Америкасында (Бразилия, Мексикадан кийин) 3-орунда турат. 1990-жылдын аягынан 13

Таблица 4
Негизги өнөржай продукцияларын өндүрүү
2000 2002
Болот, миң г 4479,2 4355,4
Чоюн, миң г 2182,6 2173,9
Алгачкы алюминий, миң т 261,4 268,8
Автомобиль (бардыгы), миң даана 339,2 159,4
анын ичинде жеңил 238,7 113,3
Автомобиль шиналары, миң даана 8519,4 8988
Трактор, даана 422 313
Муздаткыч (тиричиликке пайда- лануучу), миң даана 325,4 161,6
Кир жуугуч жана кургатуучу ма­ шина (тиричиликке пайдаланы- луучу) миң даана 324,4 240,1
Түстүү телевизор, миң даана 1556 219
Жасалма була жана келеп жип,миң т 89,2 61,2
Кагаз жана картон, миң г 1220 1207
Гезит кагазы, миң т 170 171




Акча бирдиги – Аргентина шесосу.

13 автомобиль компаниясы иштейт [анын ичинде 8 жеңил автомобилдерди («Фиат», «Рено», «Форд», «Фольксваген»), калгандары ав­тобус жана жүк ташуучу машиналарды «Мерседес-Бенц» кураштырууга адистештирилген]. Кеме

Таблица 5
Малдарынын саны (2002, млн баш)
Бодо мал 48,5
Кой 12,6
Эчки 4,1
Чочко 2,2


жана авиа куруу, аскер, айыл чарба, турмуш-тиричилик техникаларын чыгаруучу, нефть-химия (этил, по­лиэтилен, изопропанол, метанол, күкүрт кислотасы, пластмасса ж. б.), фармацевтика, булгаары-бут кийим, табигый жана жасалма була өнөр жайлары бар. Аргентини эт (негизинен уй этин) даярдоо (жылына млн тдан) жана экспорттоо боюнча дүйнөдөгү бирден бир өлкө. Ички аймактарында кол өнөрчүлүк (жип ийрүү жана токуу) өнүккөн. Аргентина өзүн айыл чарба продуктулары менен толук камсыз кылат. Латифундизмдин үстөмдүк кылышы экстенсивдүү чарбаны – жайыт мал чарбасын жана күрдүү топуракта дан эгиндерин өндүрүүгө түрткү берди. Айыл чарбага жарактуу жери 162 млн га (2002), анын ичинде шалбаа жана жайыт 51,8%, токой 18,6%, иштетилүүчү аянты 9,9%. Башкы айыл чарба району – Пампа. Мал чарбасы, анын ичинде бодо мал, ошондой эле кой чарбасы өнүккөн. Жүн

кыркуу жана экспорттоо боюнча дүйнөдө Австралия, Жаңы Зеландиядан кийинки 3-орунда. Малы Пампа менен Патагониянын жайыттарында багылат. Эзелтен экспорттук маанидеги дан эгиндери жана май алынчу өсүмдүктөр­

Таблица 6
Айдоо аянты жана негизги эгиндердин жыйымы
Айыл чарба өсүмдүктөрү Айдоо аянттары, мин га Дүң
жыйымы, миң T
1998 2002
Буудай 5919 9283
Жүгөрү 3751 2419
Сорго (ак жүгөрү) 920 787*
Apna 242 289*
Cy лу 1789 1750*
Кара буудай 372 693*
Күрүч 247 124
Күн карама 3511 2015*
Соя 7176 11 405
Арахис 407 245*
Зыгыр 116 33*
*2001.

өстүрүлөт. Айдоо аянты 33 700 миң га, сугат жери 1 561 миң га. Дан эгиндерин жыйноо боюнча Латын Америкасында 1-орунда (негизги аймагы Пампа); күн карама (1-орун), соя (2-), жүгөрү (3-), пахта (2-; Чако, Формос), ак жүгөрү, шалы, арпа, сулу, кендир (1-), бал камыш, чай, арахис, зайтун, тунг дарактар өстү­рүлөт. Цитрус өсүмдүктөрү негизинен өлкөнүн түндүк-чыгышында (негизинен лимон), тропик жемиштери (банан, манго, ананас) түндүк-батышында, мелүүн алкактын мөмө-жемиштери (алма, алмурут, кайнаалы) Мендос провинцияларында өстүрүлөт. Жүзүмчүлүк өнүккөн (жылына 2,4 млн т жүзүм шарабы). Балык (Парана, Уругвай дарыяларынан; 2002-ж. 645,9 млн т) кармалат. Темир жолунун узундугу 31,4 миң км, автомобиль жолунуку 231,4 миң км (анын ичинде 30% асфальтталган; 11 миң кмге жакынына акы төлөнөт). Негизги порттору: Буэнос-Айрес, Ла-Плата, Баия-Бланка. Де­ңиз соода флотунун тоннажы 820 миң рег. бр.-т. Нефть куурунун узундугу 6 миң км, газдыкы 14 миң км. Өлкөдө 10 эл аралык аэропорт, «Аустраль» жана «Аэролинеас архентинас» авиакомпаниялары иштейт. Ички дүң продукциясында экспорттун үлүшү 11% ке жакын. Негизги соо­да шериктери: Бразилия, АКШ, Чили, Кытай, КМШ өлкөлөрү (анын ичинде Россия, Украина, Грузия).

Маданияты

Aргентинада билим берүү мекемелерин агартуу, илим жана технология министрлиги жетектейт. Мектепке чейинки жана 10 жылдык милдеттүү түрдө билим алуу провинциялык жана муниципалдык билим министрликтери аркылуу көзөмөлдөнөт. Аргентинада билим берүү системасы федералдык билим берүү мыйзамына ылайык (1993) жүргүзүлүп, мектепке чейинки (3-5 жаш), жылдык жалпы базалык билим (6-14), орто би­лим берүү системасын камтыйт (15-17). Мамлекеттик жана менчик кесиптик окуу жайларды 1995-жылдан улуттук технологиялык билим берүү институту координациялайт. Aргентинада жогорку билим алуу 1995-жылы кабыл алынган мыйзам аркылуу жүргүзүлөт. Жогорку мектептердин координациялык ишин университеттер аралык Улуттук, менчик ун-ттердин ректорлор, ошондой эле жогорку билим алуунун региондук пландоо кеңештери башкарат. Аргентинанын билим алуусунун жаңы структурасы 3-жылдык үч баскычтан (6-8 жаш, 9-11, 12-14) турат. Орто билим алуу (полимодалдуу билим алуу) 3 жылга созулуп, 15-17-жаштагы өспүрүмдөр окушат. Ар бир орто мектеп жалпы билим берүүдөн тышкары бир же бир нече адистикке да даярдайт (гуманитария, коомдук жана табигый илимдер, экономика жана коммуникация). Кесиптик техникалык билимди окуучулар «полимодалдуу» циклде алышып, андан соң атайын билим берүү мекемелеринде уланта алышат. Мамлекеттик жана мен­чик орто окуу жайлары Улуттук технологиялык институт тарабынан координацияланат. Эки миңден ашык ЖОЖ болуп, анын 550сү университет статусуна ээ. 1997-жылдан ЖОЖду аккредитивдөөчү Улут­тук кеңеш иштейт. Ири жогорку окуу жайла­ры: Буэнос-Айрес (1821), Улуттук Кордова (1613), Улуттук технникалык (1959) университетттери. 11 менчик окуу жайы бар. 20-кылымдын аягында 12 ИА (анын 10 Буэнос-Айресте) иштеген. Ири китепканалары - Улуттук (1810), китепканалар системасы (1941), Улуттук Конгресс (1858). Башкы музейлери -табигый илимдер (1823), тарых (1889), асем-өнөр (1895), этнография (1904), ботаника (1870), Табигый тарыхый (1911) ж. б. Aргентинада 250дөн ашык гезит, 700дөй журнал чыгат (2004). Жалпы улуттук гезиттер – «Кларин» («Clarin»), «Насьон» («La Nacion, 1970») жана «Пренса» («LaPrensa, 1869»). Борбордук гезиттердин ичинен белгилүүлөрү – «Буэнос-Айрес геральд» («Buenos Aires Herald»), «Амбито финансьеро» («Ambitо Financiero»). Ири мамлекеттик жана менчик радиостанциялары: «Ра­дио насьональ», «Антена 1», «Кадена 103». Ири мамлекеттик жана менчик телеканалдар: «Каналь 1», «Канал 8», «Америка 2».
Аргентианын адабияты испан тилинде өнүккөн. Аргентинаны мекендеген индей урууларынын фольклору сак­талган эмес. Алгачкы адабий чыгармалар коникса түрүндө Л. Миранда де Вильяфаньянга («Романс», 1544), М. дель Барко Сентерге («Ар­гентина жана Рио-де-ла Платанын жеңиши», 1602) жана Р. Диаса де Гурманга («Аргентина жазмалары», 1612) таандык. 17-18-кылымдарда Аргентина поэзиясы гонгоризмге карай багыт алган. 18-19-кылымдарда М. де Лавардена ж. б. чыгармаларында классикалык тенденция өнүккөн. Сөз өнөрүнүн өркүндөшүнө 17-18-кылымдарда испан элдик поэзиясынын негизинде калыптанган креоль фольклору таасир эткен. Көз карандысыздык үчүн күрөшүү жылдарында (1810-1816) улуттук идеяны бекемдөө В. Лопес-и-Планеса, Э. де Лука, X. Крус Варел, Б. де Монтеагудонун чыгармаларында чагылдырылат. Патриоттук классиканын неги­зинде Аргентинада улуттук көркөм сөз өнөрү «гаучо адабиятында» (Аргентинанын эркиндикке умтулган малчыларынын жашоо тиричилиги жөнүндө айтыл­ган). Улуттук маданияттын идеяларынын жана гаучо адабиятынын өнүгүшүнөн романтика келип чыккан. Анын адабиятынын баштапкы өнүгүүсүнө чыйыр салган Д. Ф. Сармьентонун (романтика, клас­сика, гаучо стилин айкалыштырган) «Факундо» эссеси (1845) Гаучо адабиятынын туу чокусу улуттук эпопея болгон. 1880-жылы эссеистикка (М. Канн, Л. В. Манси л ья, Л. В. Лопес), шаар прозасы (Э. Камбасерес, А. Архерич, М. Подеет, Ф. Сикарди) өнүккөн. 1889-90-жылдарда поэзияга Аме­рика романтикасы (Р. Облигадо, О. В. Андрад), патриоттук мистика (Альмафуэрте), неоклассизм (К. Ойуэл) жана модерн стили мүнөздүү. Эстетикалык модернизмдин таралышына 98-жылы А. Р. Дарио, Р. Хаймес Фрейрдин келиши себепкер. Модерн стилинде Л. Лугонестин («Алтын тоолор», 1897), Р. Рохастын чыгармалары жаралган. Модернист акындар: К. Ор­тис, Л. Диас, Э. Диас Ромеро. 20-кылымдын башында поэзия фольклорго өтүп (анын ичинде Э. Карриего); философиялык мүнөздөгү лирика (Э. Банче, Б. Фернан­дес Морено) өнүгүп, Л. Лугонес башында турган декадент агымы өнүгөт. X. Л. Борхес түзгөн жа­ңы эстетикалык программа Л. Маре чал, Э. Гон­салес, Лакус, О. Хирондо, Н. Ланге, Р. Гуиральдес ж. б-дын чыгармаларында чагылдырылган. Эстетикага «Боэдо» жазуучулар тобу кар­шы чыккан (А. Юнк, Л. Барлетте, Р. Гонсалес Туньон, Р. Альп). Салттык лирикада (А. Сторни, Ф. Л. Бернардес, В. Барбьери), эссеистикада (Р. Скалабрини Ортис, Э. Мартинес Эстрада) белгилегендей 1920-30-жылдарда адабият идеяларын бириктирген «Аргентина ачылышы» мифалогемасы болгон. Поэззияда К. Мастронари, Р. Машнаринин чыгармачылыгындагы пейзаж символикасы 1940-жылы неоромантиктер тарабына(Л. Бенарос, М. Граната, Д. Девото, О. Ороско ж. б.) өздөштүрүлгөн. 1930-жылы улуттук тарыхый проблема экзистенциалисттик келечек менен тереңделип, 1970-жылдын аягына чейин актуалдуулугун жоготкон эмес (Э. Мальеа, «Аргентинаны таануу жана түшүндүрүү», 1935; «Аргентинанын бир тарыхына шыктануу», 1937; «Бейкут булуң», 1940; «Ыза», 1966 ж. б.), 1950-жылы эк­зистенциализм менен интеллект акындардын чыгармачылык изденүүлөрү байланышта болгон (Р. Г. Агирре, Р. Алонсо, Ф. Урондо ж. б.). 1970-жылдагы улуттук (акылга сыйбаган) мифология М. Пуигге («Рита Хейворттун саткынчылыгы», 1968; ж. б.), Н. Санчесс, Д. Мойано, X. Эрнандес, Э. Гудиньо Кисферанын чыгармаларына мүнөздүү. 1980-90-жылдарда тарыхый-философиялык жанр басымдуулук кылган (А. Поссе «Демон 2», 1978; «Дөбөттөр бейиште», 1985; «Париж дептерлери», 1998; ж. б.).
Аргентинадагы каада-салттын сакталбаганы Түштүк Америкадагы башка мамлекеттер сыяктуу эле байыркы ири мамлекеттердин отурукташпаганы себеп болгон. Жер-жемиш чогултуп, аңчылык менен алектенишкен калктын одоно карападан жасалган буюмдары гана сакталган. Өлкөнүн түндүк-батышындагы дыйканчылык менен кесиптенишкен уруулар (Кондоруаси маданиятынын ба­йыркы урпактары) – таш менен ылайдан курулма курушуп, жыгачты кооздоп, алтын менен ко­лону иштетишкен. Таштан айкелдерди жасап, карапага сүрөт түшүрүшкөн. 15-кылымда Аргентинаны колонияга айланткан инктердин «пукара стилиндеги» таш сепилдеринин калдыктары калган. 16-кылымдан шаар (Буэнос-Айрес, Мендос, Сан-Хуан, Сантьяго-дель-Эстеро, Санта-Фе, Сальта, Кордо­ва, Жужуй) пайда болгон. Шаар тик бурчтуу планда курулуп, собор, ратуша,губернатордун, архиепископтун сарайлары, арсенал жайгашкан борбордук аянттан көчөлөрдүн жыш тармагы тарайт. 19-кылымдын алгачкы жылдарына чейин бир кабаттуу черепица менен жабылган испан тибиндеги үйлөр басымдуу болгон. Негизги эшик, терезенин жыгачтан кооздолуп жасалган кашектери жергиликтүү барокко стилинде курулган. Сальтада ак сөөктөрдүн таш менен кооздолуп салынган үйлөрү өзгөчөлөнүп турат. Француз, мерседар жана иезуиттер ордендери (уюм) жайгашкан Кордовада архитектура интенсивдүү өнүккөн. 17-18-кылымдарда

Буэнос-Айрес. Пласа де Майо. – Борбордо – «Каса Росада» (Өкмөт үйү).

курулган Компанье чиркөөсү кооздугу менен айырмаланат. Жергиликтүү архитектуранын өнүгүшүнө 1717-жылы европалык архитекторлордун (X. Б. Бримоли, А. Бланки) салымы чоң. Латын Америкасынын барокко стилинде курулган курулуштарына Ыйык Тереса (Кордова) монастыры, Сан-Франсиско монастырь-чиркөөсү (Санта-Фе), Кордовадагы собор жана иезуит чиркөөлөрү кирет. 1585-жылы континентке келген иезуиттер индейлерди ар кандай кол өнөрчүлүккө үйрөтүшкөн. Ушунун негизинде чиркөө ж. б. курулуштар индейлердин мотивинде кооздоло баштаган. Аргентинанын миссиясында алгачкы басылмалар пайда болуп, алар­ды индейлер жасалгалашкан. Учурда мурдагы миссиясынын ордуна бир нече музейлер (Сан Игнасио-Мини, Санта-Росе ж. б.) пайда болгон.
Аргентинанын живописи «Жогорку Перудан» түздөнтүз таасирленген. Негизги жанр – алтарь сүрөттөрү жана портрет. Алар өтө кооздолгон. 1780-жылы алгачкы гравюра жана миниатюралар тартылган. Өлкөнүн көркөм дүйнөсүнө четтен келген мастерлердин таасири зор. Алардын ичинен көрүнүктүүсү Швейцариядан келген Й. Гут «Сүрөт мектебин» ачкан. 19-кылымдын аягында жергиликтүү чеберлер пайда болуп, алар колониялык стиль менен жаңы курулуш принциптерин айкалыштырып шаар курушкан. 19-кылымдын аягынан электизм кеңири кулачын жайган. 19- 20-кылымдарда азыркы шаар көрүнүштөрү пайда бол­гон. Модерн стилиндеги көп кабаттуу мансардалуу турак жана коомдук жайлар курула баш­таган. 1930-жылы Аргентинанын борборунда асман тиреген үйлөр пайда болуп, конструктивизм пайдаланылган. 1960-жылы кайрадан колониялык мезгилге кайрылышса, кээ бир архитектуралык курулуштарда АКШнын архитектурасынын таасири байкалат. Өзгөчөлөнгөн долбоор менен курулган курулуштары: Провинция башкармалыгынын имараты (Санта-Росе), Улуттук китепкана (Буэнос-Айрес). Сүрөт искусствосу 19-кылымда өнүгө баштаган. Ал Улут­тук гравюра (1878), Улуттук мектептердин ачы­лышы (Буэнос-Айрес) менен түшүндүрүлөт. 20-кылымдын башында улуттук мектеп академизм стилин сүрүп чыгарып, улуттук идеяларды өнүктүргөн. 1913-23-жылдары Э. А. Бурдель (элдик баа­тыр К. Альвеарунун эстелигин жасаган) жергиликтүү скульптуранын өнүгүшүнө зор таасирин тийгизген. 20-кылымда искусстводо көпкө дейре импрессио­низм, андан соң авангардизмдин ар түрдүү ва­рианты сакталып келген. 1929-жылы живопис­чи Р. Сольди «авангардисттер мектебин» негиздеген, ага кубизм жана сюрреализм келип кошулган. Графикада окшош тенденциялар «Боэдо» тобунда пайда болгон. 1950-60-жылдары Aргентинада башка авангардизм агымы – абстракционизм жана кинетикалык искусство, поп-арт таралган. Акыркы 10 жылда модернизмдин пайда болушу жеке манералуу багытты жайылткан.
Аргентинанын музыка өнөрүнүн башаты Испаниянын музыкалык маданияты менен байланыштуу. Улуттук музыкасында ритмика, танго бийи мүнөздүү. Кеңири таралган музыкалык аспабы – 6 кылдуу гитара. Чако аймагында жашаган индейлердин байыркы музыкалык үлгүлөрү Эки суу арасында, Түндүк-батыш райондорунда жана Патагонияда сакталган. Aргентинада 16-17-кылымдарда европык профессионалдуу музыка иезуит миссияларынын негизинде түзүлгөн. Европадан келген музыканттар жергиликтүү калкты гитара, лютнеде ойногонду үйрөтүшкөн. Ал эми 1585-жылы Аргентинада 1-орган (сакталган эмес; Сантьяго-дель-Эстеро чиркөөсү) пайда болгон. 18-к-дын башында Аргентинада италиялык органист жана композитор Д. Циполи эмгектенген. 18-кылымда ак сөөктөрдүн үйлөрүндө классикалык музыка концерттери коюлуп турган. 18-кылымдын 2-жарымында Буэнос-Айресте опера жана комедия «Театро де ля Ранчериа» театры иштеген. 1804-жылы «Колисео» (кийинчерээк «Архентино театры») театры ачылып, анда саинетес, тиранас ж. б. лирикалык пьесалар музыканын коштоосунда коюлуп турган. 19- кылымдын башында, Аргентинанын театрларында европалык опера, испан сарсуэлалары коюлган. 1877-жылы 1-опера (Ф. А. Харгривс, «Ла Гата Бланка»; италян тилинде) жазылган. Ф. Боэро 1918-жылы 1-либреттону испан тилинде «Тукуман» операсында колдонгон. Боэро европалык жана орус композиторлорунун опералары менен «Колон» театрынын репертуарын түзгөн. 1857-жылы Дж. Вердинин «Травиатасы» менен театр ачылса, 1908-жылы театрдын жаңы имаратында «Аида» операсы коюлган. 20-кылымдын башында Ф. И. Шаляпин ушул театрда ырдаган, ал эми А. Тосканини операны жетектеген. «Колон» театры Латын Америкасындагы ушул күнгө чейин туруктуу Россиянын опералары коюулуучу жалгыз театр гана болбостон, ошондой эле Латын Америкасындагы жана дүйнөдөгү эң ири опера театрларынын бири. 1822-жылы Филармония коому, 1949-жылы «Колон» театрынын базасында Улуттук симфониялык оркестр түзүлгөн. Белгилүү композиторлору: Р. Арисага, Р. Каманьо, А. Ланса, А. Кригер, А. Хинастера. А. Пяцолла көптөгөн танго бийинин ав­тору, бандонеон аспабында ойноп, дүйнөлүк атак-даңкка жеткен. Өзгөчө популярдуулукка ырчы жана танго бийин негиздеген К. Гардель ээ болгон. 1915-жылы Аргентинада авторлор жана композиторлор коому, 1957-жылы жаш композиторлор ассосиациясы түзүлүп, 1964-жылы Латын Америкалык квалификацияны жогорулатуу жана музыка изилдөө институту (1965-жылы Торкуато ди Тельи астында) ачылган. Испан аспаптары (гитара, типле, рекинто, чаранго) кеңи­ри тараган. 20-кылымда Аргентинанын шаарларында АКШнын белгилүү музыкалары тарай баштап, гита­ристка М. Л. Анидо, пианистка М. Аргерих дүй­нөлүк атак-даңкка ээ болушкан. 20-кылымдын аягынан Латын Америкалык «Тропика музыка» сти­ли (куартето жанры ж. б.) тарайт. Үзгүлтүксүз креол музыкасы жана танго майрамы, фестивалдар өткөрүлүп турат. Аргентинадагы белгилүү ырчы, аткаруучулар – Р. Сарсосо, Л. Торрес жана М. Сосо.
Аргентинада театр искусствосунун башаты 16-17-кылымдарда ис­пан миссионерлери тарабынан уюштурулган ин­дейлердин ырым-жырым оюндарына жана католиктердин театрлаштырылган оюн көрсөтүүлөрүнө (пантомимо, мистерия, ауто ж. б.) барып такалат. 18-19-кылымдарда театр өнөрүндө бий жана музыкалуу драма – сайнет, пантомима, операда колдонулган. 19-кылымдын жарымына чейин бий колдонгон спектаклдер аз болгон. 1830-жылы жергиликтүү бийчилер труппасы «Колисео» театрында оюн көрсөтүшкөн. Аргентинада классикалык балет 1857-жылы Буэнос-Айресте «Колон» театр ачылгандан белгилүү. Ж. Руссе жетектеген труппа Ж. Перро менен Ж. Мазильенин (А. Адана «Жизель», Ч. Пуньи «Катарина» ж. б.) романтика балеттерин 1912-жылы О. И. Преображенский, Дягелев орус балетин (1913, 1917), Дункан (1916) койгон, А. П. Павлова (1917-19) ж. б. гастро­лун ийгиликтүү өткөргөн. «Колон» театр труппа­сы менен Россиялык балетмейстерлер – А. Р. Больи, Б. Ф. Нижинская, Г. Г. Кякшат, Б. Г. Ро­манов, М. М. Фокин, С. Лифарь, Дж. Баланчин иштешкен. 1971-жылы П. П. Чайковскийдин «Щел­кунчик» балети коюлуп, анда Р. Нуреев бийлеген. 1968-жылы труппа 1-жолу Европада (Парижде) өткөн эл аралык фестивалга катышкан. Театрдын алдында театр мектеби («Колон» теат­рынын алдында жогорку институт) ошондой эле танго бийине адистешкен көптөгөн труппалар иштейт. Аргентинанын театр тарыхы 18-кылымга таандык. 1757-жылы Буэнос-Айресте 1-театр курулган. Биринчи улут­тук драматургияны М. де Лавардена (1789, «Сирипо» классицизм салтында жазылган трагедия) жана белгисиз автор муз. комедия (сайнете, «Эстансьеранын махабаты», 1792) жазган. Ошондой эле лоа (бир актылуу пьеса) жана тонадилья жанры өнүккөн. 1804-жылы Буэнос-Айресте «Театро Коли­сео» (1838-жылдан «Театро Архентино»), кийинчерээк «Виктория», «Буэн орден» жана «Федерасьон» театрлары ачылган. Мендосто, Кордовада да театрлар курулган. Диктатор X. М. де Росасанын бийлиги мезгилинде, көпчүлүк драматургдар четте иштешкендиктен, европалык авторлордун чыгармалары коюлуп келген. 19-кылымда театр өнөрүнө актёрлор Т. Гевара, X. А. Касакуберта, X. Подеста ж. б. көрүнүктүү салым кошкон. 19-кылымдын 2-жарымында Аргентинанын театрларында костумбризм негизделет. Аны 20-кылымдын биринчи он жылдыгында драматургдар Р. Пайро, Г. де Лаферрере, X. С. Гардель ж. б. салттуу түрдө улантышкан. Бул мезгил театр тарыхына «он жылдагы атак» деген ат менен кирген. 1960-жылы «Жаңы Латын Америка театры», 1981-жылы «Ачык театр» уюшулган.
Алгачкы кыска метраждуу «Аргентина желеги» фильмин француз оператору Э. Пи тартса, 1908-жылы 1-көркөм фильм («Доррегону атып өлтүрүү»), 1930-жылы үндүү фильм («Креол мозаикасы») тартылган. 1910-30-жылдарда башкы режиссёр А. Феррейра «Өлүм бийи» (1917); «Ак көгүчкөндөр» (1920); «Гаучо ыры» (1930, алгач­кы толук метраждуу үндүү фильм), «БуэносАйрес сулуулары» (1931) аттуу фильмдерин тарткан. 1932-жылы «Лумитон» студиясы жана «Архентина сонофильм» фирмасы уюшулган. Цензуранын катуу көзөмөлүнөн улам көңүл ачуучу музыкалуу кинокомедиялар (Л. Торрестин катышуусунда) тартылган. 1956-жылы. Улуттук кино институту түзүлгөн. Аргентинада жана чет мамлекеттерде

«Булганган суулар агымы» фильминен бир көрүнүш.

Л. Торре Нильсондун автордук кинолору («Периштелер үйү», «Тузакка түшкөн кол», «Мартин Фьерро») таанылган. Жаш режиссёрлор Д. X.Коон («Бир күндүн туткундары»), Р. Кун («Карыбаган аксакалдар»), М. Антин («Так сандар») европалык кино чеберлеринин эстетикасын өздөштүрүшкөн. 1956-жылы Санта-Феде улуттук университеттин алдында Ф. Бирринин жетекчилиги менен даректүү кинолор мектеби негиздеген. 1968-жылы көз карандысыз топтор түзүлүп, алар революциялык күрөштүн куралы болгон «Жарык сааттар» (1966-68; жашыруун тартылып, Аргентинада 1973-жылга чейин көрсөтүүгө тыюу салынган) фильмин тартышкан. Аскер диктатура мезгилинде (1973-83) көптөгөн кинематографисттер четке кетүүгө аргасыз болгон. Жаңылануу 1983-жылдан башталып, эмигранттар өз өлкөсүнө кайтышкан. Улуттук кино мамлекеттик колдоого алынып, 1990-жылы жана 2000-жылдын башынан режиссерлор А. Аристараин («Кенже Мартин», 1997; «Коомдук жайлар», 2002), М. Пинейро («Жапайы жылкылар», 1996), X. X. Кампанелья («Колуктунун уулу», 2001) жемиштүү эмгектенишүүдө. Жаңы же көз карандысыз фильмдерди М. Рейтман, П. Траперо, А. Каэтано ж. б. тартышкан. 1996-жылы Мардель-Платада өткөрүлгөн (1954-70-жылдар) эл аралык кинофильмдер фестивалы калыбына келтирилген. 1998-жылдан Буэнос-Айресте эл аралык көз карандысыз фильмдердин фестивалы өткөрүлгөн.
Ад.: Лукашова Е. Н. Южная Америка. Физическая география. М., 1958; Хайн В. Е. Тектоника континен­тов и океанов (год 2000). М., 2001; Комаров К. В.Аграрный вопрос и война за независимость Аргентины.М., 1988; История Латынской Америки. М., 1991-2004; Пименова Р. А. Аргентина. М., 1987; Социаль­но-экономическая география зарубежного мира. 2-е изд. М., 2003; Культура Аргентины. М., 1977; Пичугин П. Народная музыка Аргентины. М., 1971; Ово­дов В. Б. Драматургия и театральное искусство Арген­тины // Культура Аргентины. М., 1977; Ростоцкая Л. Из истории кинематографии Аргентины // Куль­тура Аргентины. М., 1977.
Ө. Бараталиев, А. Орозов, Ж. Абдилова.