АРГАСЫЗ ЗАРЫЛДЫК

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АРГАСЫЗ ЗАРЫЛДЫК– жосундун кылмыштуулугун жокко чыгаруучу жагдайлардын бири. Аргасыз зарылдык абалында, башкача айтканда ушундай кырдаалга туш болгон адамдын же башка адамдардын инсандыгына же укуктарына, коомдун жана мамлекеттин кызыкчылыктарына келтирилген коркунучту жоюу үчүн укук менен корголуучу таламдарга зыян келтирүү, эгер бул жагдайларда коркунучту башка каражаттар менен жоюуга мүмкүн болсо, келтирилген зыян тартылбаган зыяндан кыйла аз болсо, кылмыш деп табылбайт. Жазык кодексинде каралган эки топко бөлүнгөн бир катар шарттар аткарылышы зарыл. Би­ринчи топ – олуттуу коркунучтун булактары: а) табигый күчтөрдүн аракетинен (жер титирөөдөн, селден, суу ташкынынан, өрттөн ж. б.), адамдардын, механизмдердин, айбанаттардын аракетинен жана кыймылынан болушу; б) олут­туу коркунучтун тикелей жана шексиз болушу зарыл. Экинчи топ – олуттуу коркунучту жоюу­га болгон аракеттенүү шарттары: а) олуттуу кор­кунучтун башка жол менен жоюлбашы; б) корголуп калган таламдар зыян келтирилген таламдарга караганда кыйла баалуу жана маанилүү бо­лушу ж. б. Ушул себептен Аргасыз зарылдык кылмыш өлчөмдөрүнүн белгилерине туура келсе да, кылмыш болуп эсептелбейт. Аргасыз зарылдыкка дуушар болгон адам­дын аракетинде кылмыштын эң негизги белгиси – коомго коркунучтуулугу жок.
К. Бодобоев, К. Курманов.