АРГАИЛ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АРГАИЛ – Австралиядагы алмаздын ири кени, Батыш Австралия штатында, Кунунарра шаарынан 120 км түндүк-чыгыш тарапта; запасы жана казып алуу көлөмү боюнча дүйнөдөгү ири кен. 1979-ж. ачылган (дүйнөдөгү кимберлит эмес типтеги түпкү кен), 1981-жылдан ачык түрүндө иштетилет. 2007-жылдан жер астынан казып алуу пландаштырылууда. Калган запасы 170,4 млн карат, кенташтагы алмаздын орточо өлчөмү 2,77 карат. Кен протерозойдун кыймылдуу зонасында жайгашып, соңку протерозой – алгач­кы архей жиреп чыккан жана метаморфизмделген тоо тектер оливиндүү лампроит түтүкчөсүндө жатат. Түтүкчөнүн узундугу 2 км, туурасы 500 м (250–280 мден 100 мге чейинки тереңдикте). Алмаз­дын сапаты төмөн: зергерлик 5%, субзергерлик 40%, калганы техникалык алмаз; орточо массасы 0,08 ка­рат (ириси 28 карат), орточо баасы 9,5 доллар/ка­рат. Өңү күрөң түстүү (80%ке чейин), калганы сары жана түзсүз (15–20%), сейрек кездешкени кызгылт түстүү (бриллиант массасы 0,95 карат, дүйнөлүк эң кымбат баада сатылган – 900 миң доллар/каратка).