АРА-БЕЛ АШУУСУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АРА-БЕЛ АШУУСУ Тескей Ала-Тоонун жана Жетим-Бел кырка тоосунун кошулган жеринде. Бийиктиги 3822 м. Айланасындагы мөңгүлүү чокулардын бийиктиги 4000–4500 мге жетет. Ашуу байыркы мөңгүлөрдүн аракетинен пайда болгон. Ашуудан Ара-Бел жана Буркан суулары башталат. Барскон – Ак-Шыйрак автомобиль жолуна жакын (6 км). Ашуу аркылуу Жети-Өгүз районунун малы сыртка ашырылат.