АРА-БЕЛ-СУУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АРА-БЕЛ-СУУ – Ички Теңир-Тоодогу суу, Жаак-Таш (Тарагай) суусунун (Чоң Нарындын алабы) оң курамы. Узундугу 61 км, алабынын аянты 750 км2. Тескей Ала-Тоонун түштүк капталындагы мөңгү­лөрдөн башталып, батыштан чыгышка Ара-Бел өрөөнү (сырт) аркылуу агат. Куймалары: Май-Төр, Эгиз-Төр, Сөөк, Кашка-Суу, Чоң -Төр, Ит-Тиш. Июнь айында кирип, сентябрда тартылат. Жылдык орточо чыгымы 4,75 5 м3/сек.