АРАШАН

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АРАШАН – Чүй облусунун Аламүдүн районундагы кыштак. Арашан айыл округунун борбору. Аламүдүн суусунун сол өйүзүндө, деңиз деңгээлинен 1200 м бийиктикте жайгашкан. Райондун бор­бору Лебединовка кыштагынан жана Аламүдүн темир жол бекетинен 27 км түштүк тарапта, 1924-жылы отурукташкан. Калкы 4200 (2022); мал чарбасында, дыйканчылыкта эмгектенет. Орто мектеп, бала бакча, оорукана, үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу, маданият үйү, турмуш тиричилик комбинатынын бөлүмдөрү, жазуучулардын «Арашан» эс алуу үйү бар.