АРАРАТ
Jump to navigation
Jump to search
АРАРАТ (түркчө А г р ы д а г – ийри тоо; армянча М а с и с – улуу; иранча – Н о й т о о с у) – Армян тайпак тоосундагы эң бийик жанар тоо массиви. Түркиянын чыгышында (Армения менен Ирандын чек араларына жакын жеринде). Негизи бирге эки конустан – Чоң Арараттан (бийиктиги 5122 м) жана Кичи Арараттан (3896 м) турат. Базальт тоо тектеринен түзүлгөн. Капталдарында лава, 4250 мден жогору дайыма кар жатат; 30дай мөңгү бар.