АРАМ-СУУ УРАН КЕНИ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АРАМ-СУУ УРАН КЕНИ – Чүй облусунун Жайыл районунда, Суусамыр суусунун оң куймасы Арам-Суу суусунун сол жээгинде, Суусамыр кырка тоосунун түндүк капталында, деңиз деңгээлинен 2700–3200 м бийиктикте. 1959-жылы табылган. 1959–63-жылдарда геологиялык чалгындоо иштери жүргүзүлгөн. Кен аймагы карбондун гранит-порфир кичи интрузиясы жана кварцтуу порфирлердин дайкалары менен жирелип, девон-карбон мезгилинин кумдук гравелит-сланецтер катмарларынан түзүлгөн. Уран минералдашуусу гранит-порфирдин экзоконтактасындагы чополуу сланецтин талкаланган, жаракаланган зоналары менен байланышкан. Кенташтануу (рудалануу) минералдашкан зоналар тибине, уранит-сульфид формациясына ки­рет. Негизги кенташ минералдары: настуран, пирит, уран көөсү, галенит, казолит, уранофан. Кенташтагы урандын орточо өлчөмү 0,170%. Кенташтын запасы жана ресурсу 473 миң т. урандыкы 806,2 т.