АРАМЗА ТООСУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АРАМЗА ТООСУ – Суусамыр тоосунун түндүк тармагы. Арамза жана Суусамыр сууларынын аралыгында кеңдик багытта 34–36 кмге созулуп жатат. Туурасы 7–9 км. Орточо бийиктиги 3300–3600 м, эң бийик жери 3892 м. Кыры аска-зоокалуу, мөңгүлөр жокко эсе. Капталдары жантайыңкы, кокту-колот, өрөөндүү. Тоонун бийик бөлүгү ордовиктин гранит интрузияларынан, Суусамыр өрөөнүнө караган жапыз бөлүгү палеоген менен неогендин конгломерат, кумдук, алевролит, чопо, мергель тектеринен турат. Талаа жана шалбаа (2800–3000 мге чейин), андан жогору альп шалбаасы, субниваль жана ниваль ландшафттары басымдуу. Жайыт.