АРАМЕЙ ЖАЗУУСУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АРАМЕЙ ЖАЗУУСУ – б. з. ч. 9-кылымда семит урууларынын бири – арамейлер чыгарган алфавиттик жазуу. Финикия жазуусунун негизинде пайда болуп,

АРАМЕЙ ЖАЗУУСУ 40.png

үнсүз тыбыштар гана берилген. Арамей жазуусу 8-кылымдын аяк ченинен баштап Ассирияда кеңири колдонулган, 6-4-кылымдарда Кичи Азиядан Индияга чейин тараган. Байыркы эстеликтери б. з. ч. 9-8-кылымдарга таандык. Арамей жазуусунан сирия, несториан, еврей, араб, пехлеви, байыркы уйгур, байыркы монгол ж. б. жазуулары келип чыккан.