АРАМЕЙЛЕР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АРАМЕЙЛЕР– батыш семит тилдеринде сүйлөгөн Алдынкы Азиядагы байыркы семит эли. Б. з. ч.миң жылдыктын ортосунда Аравия жарым аралынын түндүк-чыгышын мекендешкен. Болжол менен б. з. ч. 1360-жылы ассириялык-вавилондук жазма булактарды Дильмундун (Бахрейндин) коңшулары катарында эскерилет. 1350-жылдары Арамейлер түндүк-батышка журт которуп, жаңы ээлеген аймактарда эки жамаатты негиздешет. Алардын ахламейлер деп аталган бир бөлүгү Евфраттын ортоңку бөлүгүндө отурукташкан. Б. з. ч. 14-кылымдын экинчи жарымы – 11-кылымдын башында ахламейлер бир нече жолу ассириялыктар менен согушушкан. «Арамейлер» деп аталган экинчи бөлүгү ахламейлердин түштүк бөлүгүнө жайгашып, Сирия, Палестинанын чегине чейин, б. з. ч. 3-кылымдын аягында, египеттик булактарда «Арамейлер өлкөсү» деп аталган Дамаск оазисин жана ага чектеш Түштүк Сириянын аймактарын жердеп калышкан. Б. з. ч. 11-кылымда мында Түштүк Сириялык: Арам-Дамаск, Арам-Цоба, Бет-Рехов ж. б. арамей падышалыктары түзүлгөн. Б. з. ч. 11-10-кылымдын чегинде Арамейлер тектеш ахламейлерди ассимиляциялоо менен бүткүл Чыгыш Месопатамияны ээлешкен. Б. з. ч. 10-кылымдын башында Түндүк Сирияда Самаль жана Арпад аталган жаңы арамей падышачылыктары жана Жогорку Месопотамияда арамей бирикмеси түзүлгөн. Б. з. ч. 920-855-жылдары ассириялык падышалар Жогорку Месо­патамиялык бардык Арамейлерди багындырышкан, ал эми 732-жылы Арам-Дамаск падышалыгынын кулашы менен сириялык Арамейлер Ассирия державасынын курамына кирген. 7-кылымдагы араб басып алууларынын башталышына чейин Арамейлер Алдынкы Азиядагы маанилүү роль ойногон этностордун бири болуп, арамей тили Жакынкы Чыгыштагы эл аралык жана маданий карым-катнаштардын тили катары пайдаланылган. Азыркы ассириялыктар өзүлөрүнүн түпкү тегин Арамейлерден келип чыккан деп эсептешет.