АРАЛ кыштагы Түп

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АРАЛ – Ысык-Көл облусунун Түп районундагы кыштак. Арал айыл округунун борбору. Райондун борбору Түп кыштагынан 18 км чыгыш тарапта. Облустун борбору Каракол шаарынан 43 км, Балыкчы темир жол бекетинен 212 км. 1922-жылы отурукташкан. Деңиз деңгээлинен 1659 м бийиктикте. Калкы 2030 (2022); негизинен мал чарбасында, дыйканчылыкта эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, клуб, ФАП бар.