АРАЛ кыштагы Талас району
Jump to navigation
Jump to search
АРАЛ – Талас районундагы кыштак. Арал айыл округунун борбору. Райондун борбору Көк-Ой кыштагынан 55 км чыгыш тарапта, Маймак темир жол бекетинен 150 км аралыкта жайгашкан. 1929-ж. орношкон. Деңиз деңгээлинен 1600 м бийиктикте. Калкы 5 243 (2022); негизинен мал чарбасы жана дыйканчылыкта эмгектенет. Эки орто мектеп, дарыкана, амбулатория, клуб, 2 китепкана, турмуш-тиричилик комбинатынын бөлүмдөрү бар.