АРАЛЫК АНЫКТАГЫЧ
Jump to navigation
Jump to search
АРАЛЫК АНЫКТАГЫЧ– аралыкты ченебестен эле аныктоочу аспап. Ал аралыкты оптиканын жардамы менен автоматтык түрдө жогорку тактыкта көрсөтөт. Оптикалык Аралык аныктагыч менен аралыкты аныктоо бир жагы (АВ) белгилүү болгон (к. чийме) тең капталдуу үч бурчтуктун (ABC) бийиктигин табуу маселесине негизделген.
Ал артиллерияда, фотоаппараттарда жана геодезияда колдонулат. Аралыкты радио жана жарык толкундарынын таралыш ылдамдыгы боюнча да аныктоого болот. Бул куралдар радиолук жана жарыктык Аралык аныктагыч деп аталат. Алар астрономияда, геодезияда (триангуляцияда ж. б.) пайдаланылат.