АРАКЕТТЕГИ ЖАНАР ТОО

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АРАКЕТТЕГИ ЖАНАР ТОО – азыркы мезгилде дайыма же мезгил-мезгил менен жердин түпкүрүнөн ысык газдын, күлдүн, буунун, лаванын жана тоо тек сыныктарынын жер бетине бүркүлүп чыгып турушу. Ошондой эле атылып чыккандыгы дарексиз, бирок андан ысык газ жана суу чыгып турган жерлер да аракеттеги жанар тоого кирет. Аракеттеги жанар тоолордун көбү Тынч океандын жээктеринде жана аралдарында, Ява догосунда жайгашкан. Мисалы, Везувий, Ключевая Сопка, Котопахи, Этна ж. б.