АРАКЕТ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АРАКЕТ, м е х а н и к а д а – системанын динамикасын толук аныктоочу физикалык чоңдук. Меха­никада Аракет системанын абалын мүнөздөгөн өзгөрмө чоңдуктардын функциясы катары аныкталат. Система Аракетинин негизги касиети анын эки абалынын арасындагы системанын мүмкүн болгон кыймылынын кээ бир жыйнагы каралса, анда системанын чыныгы кыймылы мүмкүн болгон кыймылдан айырмаланат. Бул механикалык системанын кыймылынын теңдемесин туюнтууга жана бул кыймылды үйрөнүүгө мүм­күндүк берет. Аракет түшүнүгү классикалык механикадан тышкары серпилгичтүүлүк теориясында, электр-динамикада, термодинамикалык кайтарылма процесстерде, кийинки учурда теориялык физиканын талаа теориясын түзүүдө физикалык чондук ка­тары колдонулат. Ал эми динамикалык тендемелер болсо механиканын вариациялык принцибинен чыгарылат. Квант теориясында Аракеттин өлчөмдүүлүгү бар физикалык чоңдуктар дискреттүү маанилерди гана алышы мүмкүн. Квант теория­сында системанын абалы гильберт мейкиндигинин векторлору менен берилет, ал эми динами­калык өзгөрмөлөр катары операторлор колдо­нулат.