АРАГАЦ ЧОКУСУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АРАГАЦ ЧОКУСУ (түрк тилдеринде – Арагёз) – Армян тайпак тоосунун эң бийик жери, Армениянын аймагында. Бийиктиги 4090 м. Кратери мөңгү циркине айланган өчкөн жанар тоо. Чакан мөңгүлөрү бар. Тоолуу жайыт. Түштүк капталында Бюрокан астрофизика обсерваториясы жайгашкан. Орто кылымдагы Анберд чебинин калдыгы бар.