АРАБ ЦИФРАЛАРЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АРАБ ЦИФРАЛАРЫ– математикалык он белги: 0,1, 2, 3, 4, 5, 6, 7, 8, 9. Араб цифраларынын жардамы менен ондук эсептөө системасында каалагандай санды жазса болот. Бул цифралар алгач Индияда (5-кылымга чейин) пайда болуп, Европага 10-13-кылымдарда араб математиктеринин эмгектери аркылуу белгилүү болгондуктан Араб цифралары деп аталган.