АРАБ ТИЛИ
Jump to navigation
Jump to search
АРАБ ТИЛИ – бардык араб өлкөлөрүнүн расмий тили. БУУнун Генералдык ассамблеясынын расмий тилдеринин бири. Азия-Африка тилинин семит тобуна кирет. Араб тилинде сүйлөгөн элдердин бардыгы үчүн жалпы таандык болгон азыркы араб адабий тили Араб жазма адабиятында 7-кылымда пайда болгон оозеки койнеден келип чыккан. Орто кылымда араб тили Чыгыштагы бардык мусулмандар үчүн диндин, илимдин жана адабияттын тили болгон. Араб тили египет, Судан, Сирия, ирак, магриб ж. б. диалектилерге бөлүнөт. Морфологиялык түзүлүшү боюнча флективдүү тилдерге кирет.
Ад.: Юшманов Н. В., Строй арабского языка. Л, 1938; Гранде Б. М., Курс арабской грамматики в сравнительно-историческом освещении. М., 1963; Шарбатов Г. Ш., Современный арабский язык. М., 1961.