АРАБ ЖЫЛКЫСЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АРАБ ЖЫЛКЫСЫ – б. з. 1 миңинчи жылдарында Араб өлкөлөрүндө элдик селекция жолу менен чыгарылган миңгич жылкы. Анча чоң эмес, сымбаттуу. Ыйык жалынан бийиктиги 150—152 см, дене узундугу 149—150 см, көкүрөк курчамы 177 см,

АРАБ ЖЫЛКЫСЫ 28.png

шыйрагынын жоондугу 18—19 см. Өңү ак кула, боз. Орто кылымда Европага кеңири тарап, жергиликтүү жылкыны жакшыртуу үчүн пайдаланылган. Араб жылкысы таза кандуу, ыкчам жүрүштүү миңги жылкыларды (англия таза кандуу жылкысы, орлов таскактуусу, тракенен, терек) чыгарууга катышкан. Чөлдүү жерге чыдамкай келет. Алыска чуркайт. Дүйнөнүн көп өлкөлөрүнө тараган. Кыргызстанда да бар. Жергиликтүү жылкы породаларын жакшыртуу максатында пайдаланылат.