АРАБ ЖАРЫМ АРАЛЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АРАБ ЖАРЫМ АРАЛЫ – Жер шарындагы жа­рым аралдардын эң чоңу (2730 миң км2). Азиянын түштүк-батышында. Аймагынын 1/2 бөлүгүнөн ашыгын Сауд Арабиясы ээлейт. Жарым аралда, ошондой эле Йемен Араб Республикасы, Йемен Элдик Демократия Республикасы, Кувейт, Ка­тар, Бириккен Араб Эмирликтери, Оман, Ирак менен Иорданиянын айрым бөлүктөрү жайгашкан. Батышынан Кызыл деңиз, түштүгүнөн Аден булуңу жана Араб деңизи, чыгышынан Инди океанынын Оман жана Перс булуңдары менен чектешет. Жарым аралдын түндүк чеги шарттуу түрдө 30° түндүк кеңдиктен өткөрүлөт. Жээктеринде булуң-буйтка аз. Рельефинде түздүк жана плато басымдуу; алар батыш, түштүк жана чыгышында четки тоолорго (бийиктиги 3600 мге чейин) өтөт. Кызыл деңиз менен Перс булуңун жээктей Тимаха жана Эль-Хаса ойдуңдары жайгашкан. Перс булуңунун жээгине жакын нефтинин ири кени (Перс булуңу нефть-газ бассейни) бар. Климаты тропиктик, кургак, түндүгүндө субтропиктик. Январдын орточо температурасы 7°Сден 24°Сге чейин, июлдуку бардык жеринде 30°С (55°Сге чейинки температуpa катталган). Жылдык жаан-чачыны түздүктөрдө 50–100 мм, тоолордун айрым жерлеринде 500 ммден ашык. Такай аккан дарыя дээрлик жокко эсе; кургак дарыя нугу (вади) мүнөздүү. Кумдуу жана таштуу чөлдөр (Чоң жана Кичи Нефуд, Дехна, Руб-эль-Хали ж. б.), кээ бир жеринде жарым чөл басымдуу. Тоолордун айрым жерлеринде саванна жана сейрек токой өсөт. Оазистер сейрек учурайт.