АРАБ ДЕҢИЗИ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АРАБ ДЕҢИЗИ – Инди океанында, Араб (батышында) жана Индстан (чыгышында) жарым аралынын аралыгында. Жибути, Йемен Элдик Демократия Республикасы, Оман, Бириккен Араб Эмирликтери, Иран, Пакистан, Индия жана Сомалинин жээктерин чулгайт. Аянты 4832 миң км2. Эң терең жери 5803 м. Жээктери бийик, аскалуу, айрым жери түздүк дельталуу. Ири булуңдары: Аден, Оман. Деңизге Инд дарыясы куят. Суусунун орточо температурасы 22°Сден 29°Сге чейин. Туздуулугу 35,8–36,5%о. Суткасына 2 жолу ташкындайт (бийиктиги 5,1 мге чейин). Балык (тунец, кылыч балык ж. б.) кармалат. Негизги порттору: Бом­бей (Индия), Карачи (Пакистан), Аден (ЙЭДР).