АРАБДАР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АРАБДАР (өздөрүн аль-араб деп аташат) – Жакынкы Чыгыш жана Түндүк Африка мамлекеттеринде жашаган семиттик этно-лингвистикалык топтогу эл­. Саны 430–450 млндой киши (2010). Арабча сүйлөшөт жана араб жазуусун колдонушат. Дини – ислам. Мусулман-сунниттер басымдуулук кылат, христиан А. (Ливан православдары жана марониттер, Ливан, Сирия, Иордания мелькиттери) жана мусулман-шииттер (Иран, Ирак, Сирия, анын ичинде друздар жана нусайриттер, Ливан, Кувейт, Бахрейн, Бириккен Араб Эмираттары, Сауд Арабиясы, Йеменде, ибадиттер Түндүк Африка жана Персия булуңундагы араб өлкөлөрүндө) да бар. Эң көп арабдар Азияда жана Африкада жашашат. Африкада: мавританиялыктар (Мавритания), сахаралыктар (Батыш Сахара), марокколуктар (Марокко), алжирликтер (Алжир), тунистиктер (Тунис), ливиялыктар (Ливия), судандыктар (Судан), египеттиктер (Египет), шува (Нигерия, Чад, Камерун, Борб. Африка Республикасы, Судан); Азияда: палестиналык Арабдар (Палестина тургундары, Иордания, Ливан, Сирия ж. б. өлкөлөрдөгү качкындар), израилдик Арабдар (Израиль), ливандыктар (Ливан), иорданиялыктар (Иордания), сириялыктар (Сирия), ирактыктар (Ирак), ахваздар (Иран), кувейттиктер (Кувейт), бахрейндиктер (Бахрейн), эмираттыктар (БАЭ), йемендиктер (Йемен), катарлыктар (Катар), омандыктар (Оман), саудовдуктар (Сауд Арабиясы). Мындан тышкары Арабддар Түркия, Өзбекстан, Афганистан, Индонезия, Индия (гуджараттык А.), Пакистан (пакистандык Арабдар, ирактык Арабдар), Сингапур, Филиппин ж. б. өлкөлөрдө да жашашат. Ошондой эле Батыш Европада, Россияда, Түндүк жана Түштүк Америкада, Англияда, Батыш жана Түштүк Африкада, Австралияда, Японияда, Түштүк Кореяда, Малайзияда, Монголияда эмигрант Арабдар да бар. алардын көпчүлүгү Францияда (6–8 млн).

АРАБДАР 25.png

Арабдардын ата-бабалары ката­ры Аравия жарым аралынын байыркы уруулары (бедуиндер) эсептелет. 7-кылымда ислам дининин пайда болушу жана Араб халифатынын түзүлүшү менен Аравиянын мурдагы чачкын урууларынын биригүүсүнө алып келген. 7-кылымдын башынан Арабдардын басып алуулары башталып, отуз жылдын ичинде Сирия, Палестина, Египет, Иран, Орто Азия, Закавказье жана Түндүк Африканы каратып алышат. Арабдардын эң зор мамлекети – Араб халифа­ты түзүлүп, Атлантика океанынан Индияга, Орто Азиядан Борбордук Африкага чейинки мамлекеттерге үстөмдүк кылган. Азыркы Арабдардын этникалык негизи жеңип алган өлкөлөрдүн байыркы калктары арамейлер, финикиялыктар, египеттиктер, ливиялыктар менен аралашуусунун натыйжасында түзүлгөн. Кийин Араб халифаты кулап, анын ордуна бир катар араб мамлекеттери: Палестина, Сирия, Ливан, Ирак, Египет жана Түндүк Африка өлкөлөрү пайда болгон. 19-кылымда Осмон империясынын кулашы, 20-кылымда европалык колониячыларга каршы улуттук-боштондук күрөш Арабдардын саясий боштондугуна жана улут­тук биримдиктин чыңдалышына алып келди. Арабдар үч чоң топко бөлүнөт: көчмөн малчылар (бедуиндер), дыйкан фермерлер (феллахи), айыл жана шаар тургундары. Мындан тышкары дарыя дельталарында, Кызыл, Жер Ортолук деңиздеринин жээгинде жашап, балык уулоо менен алектенишкен Арабдардын бир нече чакан тобу бар. Көчмөн жана жарым көчмөн Арабдар – бедуиндер мал чарбачылык (негизинен төө багышкан) менен кесип кылып, кара жүндөн жасалган (көбүнчө эчкиники) чатырларда, ал эми отурукташкан Арабдар дыйканчылык менен кесиптенишип, сырты дубал менен курчалган бир кабаттуу үйлөрдө жашашкан. Арабдардын архитектурасы жана жасалга-колдонмо өнөрү өтө өнүгүп, дүйнөлүк маданиятка зор таасирин тийгизген. Арабдар фута (кенен белдемчи), жеңсиз, кенен кемсел, узун көйнөк кийишип, эркектери башына чалма оронушат. Аялдары асем кооздук буюмдарды тагынышып, көпчүлүк жерлерде жүзүн жаап жүрүшөт, денесине сүрөт чектирип, боёп да алышат. Бедуиндердин тамак-ашы – төөнүн сүтү, күрүч, арпа, буудай, таруу жана жүгөрү наны, ошондой эле курма. Майрамдарда эт азыктарын пайдаланышат. Бедуиндердин жакшы көргөн суусундуктары – чай жана кофе. Мусулман Арабдар ислам эрежелерин сакташып, ыйык рамазан айында орозо кармашат, ошондой эле алкоголдук ичимдиктерге жана чочко этине тыюу салынган.
Ш. Керимова.