АРАБА

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АРАБА – жүк жана жүргүнчү ташуучу, дөңгөлөктүү чарбалык унаа. Алгач согуш ишинде транспорт, кийин жол жүрүүгө, жүк ташууга, ошондой эле көчмө турак жай катары да колдонулган. Археологиялык изилдөөлөрдүн негизинде Вавилон аймагындагы байыркы Киш шаарынын (азыркы Охеймир шаары, Ирак) ордунан, шумерлердин шаар-мамлекети Урумдан (Ур, азыркы Тель-Мукаяр шаары,Ирак), Кавказдан ж. б. жерлерден аскердик

АРАБА 22.png

Арабалардын калдыктары табылган. Алар б. з. ч. 3-миң жылдыктын акырында, балким андан да мурда колдонулган. Аскердик Арабалар чыгыштагы байыркы мамлекеттерде (Ассирия, Персия, Кытай, Индостан ж. б.) согуш мезгилинде кенен пайдаланылган. Алардын бир нече түрү бол­гон. Жалгыз же эки ат чегилген кош дөңгөлөктүү Арабада эки аскер – арабакеч жана найза, кылыч, саадак менен куралданган аскер – жоокер отурган. Төрт ат чегилген төрт дөңгөлөктүү Арабага курал-жарактар жүктөлгөн, аттарга соот жабылган. Мындай Арабалар алдыңкы катарда, жөө аскерлер алардан кийин жүргөн. Тарыхый жазма маалыматтарга жана Алтайдагы дөбө-мүрзөлөрдөгү табылгаларга караганда байыркы түрк тилдүү көчмөн уруулар (сак-скифтер) бир жерден экинчи жерге көчкөндө, жазында жаздоого, жайында жайлоого, күзүндө күздөөгө, кышында кыштоого жеңил жана жүк Араба менен көчүп конгон. Жеңил Арабага кош ат, жүк Арабага кош өгүз чегилген. 568-жылы Батыш түрк кагандыгында болгон Византия элчиси Земарх кагандын жибек кездемелер менен асемделин жасалган чатыр ичинде, дөңгөлөктүү бийик тактага отуруп кабыл алгандыгын жана үстү жыгачтан жасалып, ичи кийиз менен капталган, терезеси бар дөңгөлөкөк­түү үйү жана кийизден жасалган түрк Арабасы бар экенин жазат. Абу-Абдаллах Мухаммед Ибн Бат­ (14-кылым), кыпчактарда төрт дөңгөлөктүү Араба жасалып, ага эки же бир нече ат чегилээрин, жыгачтан жасалган ар түрдүү үстү жабык Арабалар да болорун, анын ичине уктоого да, тамак ичүүгө да ылайыктуу экендигин, көчкөндө кыпчак аялдары ушундай Арабага отуруп, эркектери ат минерин айткан. Скифтер тууралуу Гиппократ: «Алар төрт же алты дөңгөлөктүү, кийиз менен каптал­ган, үй сыяктуу курулган боз үйлөрдө жаша­ган. Андан жаан да, күн да, жел да өтпөйт. Бул үстү жабык Арабалар өгүзгө чегилет» – деп эскерет. Орто Азия жана Жакынкы Чыгыш элдеринде жүк ташуу үчүн дөңгөлөктөрүнүн диаметри 2 жге чейин жеткен кош дөңгөлөктүү Арабаларды пайдаланышкан.­

АРАБА 23.png

Ал эми жеңил Арабалар жол жүрүүгө арналган. Ушул сыяктуу Арабалар Европанын түштүгүндө, Кавказ, Түркия, Испания, Индия, Мон­голия ж. б. мамлекеттерде кеңири тараган. Учур­да кош дөңгөлөктүү жана төрт дөңгөлөктүү Арабалар негизинен чарба иштеринде, ал эми жеңил Арабалар эс алуу жайларында, циркте ж. б. колдоо­нулат.
Ш. Керимова.