АРАА ТУМШУК СЫМАЛДАР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АРАА ТУМШУК СЫМАЛДАР (Pristiformes) - кемирчектүү балыктар түркүмү. Денеси узун, нык, көкүрөк сүзгүчтөрүнүн четтери башы менен биригип өскөн. Узундугу 6 мге жетет, салмагы 2400 кг, катран сымал акулаларга тектеш. Башка балыктардан аналдык сүзгүчү жоктугу менен айырмаланат. Тумшугу узун, капталдарында сүйрү жана тыгыз, араа сымал чоң тиштери бар. Араа тумшук сымалдардын 1 тукуму, 1 уруусу, 7 түрү бар. Тынч жана Индия океандарында жашайт. Суу түбүндө жай жүрүүчү майда бентос жаныбарлар менен азыктанат. Аларды узун тумшугу менен суу түбүндөгү катуу жерден казып алат. Ургаачысы 12ге чейин жумуртканы тирүү тууйт. Жергиликтуу элдин промысел объектиси.