АПТА

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АПТА, ж у м а – жети суткага барабар убакыт мезгили. Ар бир күндүн өз аты бар. Жети күндүк Апта биринчи жолу Байыркы Чыгышта колдонулган. Ал б. з. ч. 1-кылымда Римде киргизилип, андан кийин Батыш Европага жайылган. Аптанын күндөрү 7 асман нерсесине (телосуна) байланышып аталган. Мисалы, ишемби Сатурн күнү, андан кийинкилери Кун, Ай, Марс, Меркурий, Юпитер, Чолпон күндөрү деп аталган. Кээ бир элде убакытты беш күндүк жана он күндүк Аптага бөлүү ка­был алынган. Мисалы, Байыркы Египетте он күндүк (декада) Апта болгон, мындай Апта Франция революциясынын календарында да кезигет. Апта күндөрү кыргызча төмөнкүдөй аталат: дүйшөмбү, шейшемби, шаршемби, бейшемби, жума, ишемби, жекшемби.