АПСАТАРОВ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АПСАТАРОВ Бекбосун Жакшылыкович (14. 3. 1963-жылы туулган, Ысык-Көл облусу, Жети-Өгүз району, Покровка айылы) – милициянын генерал-майору (2021). Мамлекеттик жарандык кызматтын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси. В. И. Ленин атындагы Казак политехникалык институтун (1989), Ж. Баласагын атындагы КМУну (2010) бүтүргөн. 1989–93-жылдарда Агадыр геологиялык чалгындоо экспедициясында инженер-технолог, 1993–2009-жылдарда КРдин Улуттук коопсуздук кызматынын ыкчам-линиялык жана аймактык бөлүмдөрүндө коррупцияга жана контрабандага каршы күрөштө жетекчи кызматтарда, 2009–10-жылдарда КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын башчысы, 2012-жылы «Кумтөр Оперейтинг Компани» Жабык акционердик коомунун ишин текшерүү боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын жумушчу тобунун жетекчиси, 2020-жылдан КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын биринчи орун басары – Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын директору. КРдин Улуттук коопсуздук органдарынын отличниги. Медалдар менен сыйланган.

АПСАТАРОВ 19.png